Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын президентинин учагын алмаштыруу тууралуу маалыматты жашыруун кылып коюшуптур

Сооронбай Жээнбековго жаңы учак алып берүү тууралуу маселенин эмне болгондугу алигиче белгисиз

Мамлекет башчынын учагын алмаштыруу тууралуу маселе жакында эле Жогорку Кеңеште кызуу талкууга алынып жаткан болчу. Чамасы, маселе ордунан козголгон эмес окшойт. Vesti.kg сайтынын редакциясы кырдаалдын аныгына жетүүгө аракет жасап көрдү, бирок оңдуу жоопту эч кимисинен ала алган жок.

- Президенттин учагын алмаштыруу тапшырмасы өкмөткө жүктөлгөн болчу, - деп Vesti.kg сайтына эскертти Таабалды Тиллаев. - Биз өкмөткө тапшырма бергенбиз. Бул маселени азыр иликтеп жатышат.
Андан соң Vesti.kg сайты өкмөттүн маалымат кызматына кайрылды.

- Муну транспорт Министрлигинен билиш керек, - дешти министрлер кабинетиндегилер. - Тийешелүү аткаруучу орган - бул жол жана транспорт Министрлиги. Өкмөттүн аппараты учак менен алектенбейт.

Ал ортодо жол жана транспорт Министрлигинин маалымат кызматы Vesti.kg сайтына сурап жаткан маалыматты жашыруун деп жооп беришти.

- Бул жашыруун маалымат, - деп жооп берди транспорт Министрлиги. - Бул маселе боюнча президенттин аппаратына кайрылганыңар оң.

Vesti.kg сайты президенттин аппараты менен байланышкыла деген кеңешке макул болуп, аларга байланышка чыгууга аракет жасады. Бирок мамлекет башчынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева комментарий үчүн жеткиликсиз болуп калды.

Эске салсак, былтыр күздө Жогорку Кеңештин депутаттары Сооронбай Жээнбековдун учагын алмаштырууну сунуш кылышкан болчу. Алардын сөзү боюнча, мамлекет башчынын эски учак менен учуп жүрүшү уят болчу.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх