Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: Сүйлөшүүлөр Бабановдун жактоочусу аркылуу гана болду

«Республика - Ата Журт» фракциясынын мурунку лидеринин тарапташы УКМК саясатчынын Кыргызстанга кайтып келсе, кармалаары тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди

Мурда президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов ага карата кылмыш иши козголгон соң Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок ал жоопкерчиликтен качкан эмес. Бул туурасында Vesti.kg сайтына анын тарапташы, Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев эскертти.

Депутат бийлик менен анын кесиптештери кандай сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жаткандыгын биле албастыгын кошумчалады.

- Мен алар кандай сүйлөшүү кылып жатышкандыктарын билбейм, жеке өзүм ага катышпайм, - деп ырастады Руслан Айтбаевич. - Укук коргоо органдары Бабановдун жактоочусу менен такай байланышта болгон, алардын сүйлөшүүлөрү дамаамат болуп турчу. Бийликке жана иликтөөгө анын айткандары жана түшүндүрмөлөрү берилип турчу.
Мурда «РАЖ» фракциясынын депутаттары Москвага барып, Бабанов менен жоолугушкан. Өмүрбек Токтогуловичтин азыркы убакта ким менен жашап жаткандыгы тууралуу маалыматты берүүдөн анын мурдагы кесиптештери баш тартышты.

Ошону менен бирге Казакбаев УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе кармалышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди.

- Менин оюмча, укук коргоо органдары айта турган эле сөздү айтып коюшту, - дейт ал. Жоопкерчиликтен Өмүрбек Токтогулович эч качан качкан эмес. Ал Кыргызстандан өлкөнүн тынчтыгы үчүн чыгып кетти. Качан кайтып келээри анык эмес. Менимче, кайтып келүү тууралуу иликтөөнүн суроолоруна ал өзү жооп берсе керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх