Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Мен Камчыбек Ташиевди Баткенден көргөн да жокмун

Айнуру Алтыбаева экс-депутаттын чегарадагы жаңжалды жөнгө салууга жардам бере турган тийешелүү макамы жок экендигин эскертти

Баткен облусунун тургундары кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан кийин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевге арызданышып, жергиликтүү бийликтин аракетсиздигин жана аймактагы жетекчилерди алмаштыруу зарылчылыгын айтышкан. Бул туурасында саясатчы ЖМК бирине берген интервьюсунда билдирген.

«Алтургай мен Баткенден кеткенден кийин дагы жергиликтүү тургундар мени менен байланышып, көйгөй чечилбей тургандыгын, ишенишпей турганлыгын айтышты. Алар «Жаңжал болгондо пайда боло калышып, тынчыса эле кайра бизди унутуп коюшат. Биздин чыныгы акыбалыбызды жогоркуларга жеткирип койгула». Айрыкча коёнго окшоп бекинип коңулда жаткан аймактын жетекчилерин алмаштырууну көп жолу айтышты», - деп жазат ЖМК Ташиевдин сөзүн.

Эске салсак, мурдагы эл өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары жаңжалдашкан Баткен аймагындагы чегарага барган. Ал жолго чыгып жатып фейсбук социалдык тармагынан ошол районго барганга бел байлагандыгын, азыркы өкмөт эч нерсени чече албастыгын билдирген эле.

Чегара аймагындагы тургундардын нааразычылыгы тууралуу маалыматты Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Айнуру Алтыбаева ырастады. Ал жерге Алтыбаева парламенттин делегациясынын курамында барган. Анын сөзү боюнча, элдер чыны менен эле жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине арызданышат.

- Жарандар жоолугушуу учурунда экономикалык жана социалдык маселелерди көтөрүштү, ошондой эле чегараны демаркациялоо иштери создугуп жаткандыгын айтышты, - деп белгиледи Айнуру Тойчиевна.
- Ошону менен бирге айрымдары жергиликтүү бийликтин кадрларын алмаштыруу зарылчылыгын айтышты. Мени алардын конкреттүү фамилияларды айтып, муну алгыла да, тигини ордуна койгула дегендери таң калтырды. Мен мындай маселеге аябай кылдат мамиле кылам, анткени алар бир чети жердеш, анан да, ачык эле колдоп жатышат.
Менин оюмча, бул маселени өкмөт чечиши керек, бирок жергиликтүү эл колдоп жаткан талапкер мага жаккан жок.
Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, Баткен облусунун тургундары райондун жетекчилери жарандардын көйгөйлөрүн чече албагандыгын айтышкан.

Алтыбаева Камчыбек Ташиевдин Баткенге барган максаты пиар болгондугун белгилеп кетти. Эл өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө мурдагы депутаттын катышпагандыгын белгилей кетти.

- Чынын айтсам, мен аны көргөн да жокмун, - деди Айнуру Тойчиевна. - Экинчиден, келгиле бул кишинин ыйгарым укугу тууралуу кеп салалы. Ал азыр ким? Кантип ал чегарадагы маселени чечет, ал аткаруу органында иштебесе, министр, депутат же өкмөт мүчөсү болбосо?

Эл өкүлү өз оюндагысын айтып жыйынтыктап жатып, айрым саясатчылар 2020-жылкы шайлоого кызуу даярдык көрө баштагандыгын белгилеп өттү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх