Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бекболот Талгарбеков колониядан мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыгуу канча тураарын айтып берди

Боштондукка чыккан оппозиционердин сөзү боюнча, көпчүлүк камактагылардын мөнөтүнөн мурда бошонуп чыгуу үчүн пара бергенге каражаттары жок

«Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын боштондукка чыккан лидери Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын түрмөлөрүндө кандай реформа кылуу керектигин айтып берди.  

Ал  Vesti.kg сайты менен болгонг маегинде Мелис Турганбаевдин кайсы багытта иш алып баруусу тууралуу түшүндүрдү.

- Мекеменин мурдагы башчысы Таалай Жапаров чындыгында эч нерсе кылган жок, - дейт Талгарбеков.

- Мен Мелис Турганбаев тажрыйбалуу жетекчи катары жакшы иш алып барат деген ойдомун. Мен аны чечкиндүү жетекчи катары билем. Биринчи кезекте мекемедеги коррупцияга көңүл буруусу керек. Көчүрмө колонияга которуу жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу процесстерди ЖАМК жем жей турган акурга айландырып алган.

Оппозиционердин сөзү боюнча, мөөнөтүнөн мурда бошонуу үчүн 500 доллар пара бериш керек.

- Мага мөөнөтүнөн мурда бошонуу үчүн элдер акча бериши керек деп айтышты, - деп түшүндүрдү ал. - Айрым бир жарандардын мөөнөтүнөн мурда бошотулуу кезеги келип калган. Бирок алардын каражаттары болбогондуктан акырына чейин жаза өтөп жатышат. Жеке менден сурашкан жок акча - чамасы, коркушту окшойт. Бирок кыйытып айтышты.

Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын камактагылары мамлекетке пайда келтиришмек деп кошумчалады.

- Совет доорунда бардык камактагылар иштешчү, азыр баары бекер отурушат, - деди ал. - Өндүрүш уюштуруу зарыл. Элдер жумушка жан дили менен барат, Мамлекетке пайда болот.

Эске салсак, «Элдик парламенттин» лидери жалган курандын жетисинде мөөнөтүнөн мурда боштондук алды. Бекболот Талгарбеков Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо» беренеси менен айыпталып, кийинчерээк акталды жана «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталган.   

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх