Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе кимдин тарабында болот?

Эксперттер Бабановдун мекенине кайтып келиши эми кыйын болуп калды дешет

Бабанов чоң саясатка аралашканды коюп, адегенде Кыргызстанга эмне максат менен келээрин түшүндүрсүн. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Чынара Эгенгул бөлүштү.

- Бабанов Кыргызстанга келип, кандайдыр бир каршылашкан тарапка кошулушу күмөн, - деп эсептейт ал. - Биринчи ал өзүн саясатчы катары мыйзамдаштыруу керек. Анткени, азыр анын мойнунда кылмыш иши турат.

Саясат талдоочу ошону менен бирге Бабановдун азыркы учурда оппозиция тарапка оошу пайдасыз экендигин да кошумчалай кетти.

- Бул анын саясий кадыр баркына доо кетириши мүмкүн, азыркы бийлик анын бул кадамын кечирбейт, - деп түшүндүрдү Чынара Эсенгул. - Парламенттик шайлоо алдында ички саясий тирештин күчөшү баарына белгилүү. Кыргызстандын ичиндеги болуп жаткан күрөштө Бабанов бейтарап болушу керек.
Өз кезегинде дагы бир саясат талдоочу Марат Казакпаев Бабановдун саясатчы катары калыбына келмек турсун, Кыргызстанга да кайтышы күмөн деген ойду айтты.

- Депутаттар анын жакында келээрин айтып жатышат, бирок УКМК аны кылмыш жообуна тартышаарын билдирди, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бул факт Бабановдун мекенге кайтып келишинен күмөн туудурат. Ал Кыргызстанга келген күндө да анын саясий кадыр баркы түшөт. Анткени, эл алдында анын сөзүнө турбагандыгы белгилүү болот. Ал убагында чөгөлөп жашагыч, тик туруп өлгөн жакшы деген эле.

Анткени менен, Марат Сайнидинович Өмүрбек Бабановдун азыркы бийликтин тарабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар деген ойду айтат.

- Ал Алмазбек Атамбаевге кошула албайт, анткени куйругунда калбыры бар, - деп эскертти эксперт. - Кыргызстандын саясий айдыңында Бабанов Текебаев сыяктуу эле кереги жок адам.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын жана Бабанов Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүн алгандыгын жазып чыккан болчу.

Өз кезегинде УКМК Бабанов кайтып келе турган болсо ага козголгон кылмыш иши боюнча аны жоопко тартабыз деп белгиледи.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх