Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгемендүүлүктүн жылдарындагы кыргыз саясатчыларынын айткан сөздөрүнүн 90 пайызы курулай кыйкырык болгон»

Мурдагы депутаттар Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек жана Оштун айланасындагы жерлерди мыйзамдаштыруу демилгесин сынга алышты

Бишкек менен Оштун айланасындагы басылып алынган жерлерди дароо эле мыйзамдаштырып салууга мүмкүн эмес. Мындай деген пикирди Vesti.kg сайтына мурдагы депутат Ташполот Балтабаев бөлүштү.

- Мындай маселени тыкыр иликтөө зарыл, - деп белгиледи ал. - Айрым учурларда бул маселени жаңыча ыкма менен чечүүгө туура келет, бирок бардык эле басып алган аймактарга бул тийешелүү эмес.
Ташполот Балтабаевич ошону менен бирге кезектеги мыйзамдолбоор курулай эле сөз экендигин белгилеп кетти.

- Кайсы гана саясатчы популисттик билдирүүлөрдүү жасабайт дейсиң? - деп суроо салат ал. - Баары эле упай топтогусу келет. Биздин эгемендүүлүктүн 28 жылында кыргыз саясатчыларынын айткандарынын баары курулай сөз болду. Он пайызы гана чындыкка жакындайт. Президент да мындан куру калбайт. Аймактарды өнүктүрөбүз дешти. Бирок бир жыл өттү, эч нерсе кылынган жок. Жок дегенде элдерге салыктан жана башка нерселерден жеңилдик берип койсо эмне, ал жакка бизнес же инвестиция тартып койсо болбойбу.

Өз кезегинде мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков Бишкек менен Оштун тегерегиндеги жерлерди мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүү коркунучтуу дейт.

- Басып алынган жерлерди мыйзамдаштырабыз деген демилге шаардын түзүлүшүн билбегендик деп бегиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ордо калаанын айланасындагы курулуштарды мыйзамдаштырса, курулуш коммуникациясынын толгон токой көйгөйлөрү чууруп чыгат. Анан бул окуя дагы жаңы жерлерди басып алууга түрткү берет. Мыйзамсыз жерди жөндөн жөн эле мыйзамдаштырып жиберүү коркунучтуу.

Ишенбай Дүйшөнбиевич саясатчылардын ар бир эле кыймылы шайлоого жана электоратты тартууга байланыштуу экендигин кошумчалады.

- Бул бир эле «Ата Мекен» партиясына тийешелүү эмес, калган саясий биримдиктерге да тийешеси бар, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Түшүндүрө кетели, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Бишкек менен Оштун айланасындагы басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу тууралуу мыйзамдолбоорду коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

Депутат 2012-жылдын баш оона айынын экисине чейин курулган үйлөргө документ берүү керек дейт.

Шыкмаматов жарандар үйлөрүнө документ алышпаса жумушка орношо алышпайт, аскердик эсепке алынбайт, медициналык жардам ала алышпайт жана шаардын коомдук-саясий иш чараларына катыша албай калышаарын белгилейт.

Белгилей кетели, бул мыйзамдолбоорду «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү коомчулуктун талкуусуна биринчи ирет алып чыгып жаткан жери жок. Мындай документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына эки ай мурун илинген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх