Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн боло турган митингге алты миң кишинин чыгышы күтүлөт

Бишкектеги масштабдуу нааразычылык акциясына белгилүү саясатчылар да келүүго макул болушту. Бирок «атамекенчилер» алардын аттарын азырынча айтышпайт

Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылып алты миң ашуун киши Жогорку соттун имаратынын алдына чыгышат. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Митингге уюмдун мүчөлөрү жана «Ата Мекен» партиясынын түзүмүнүн мүчөлөрү катышат, буга республикаынын бардык аймактарынан келишет, - деп айтты ал. - Биздин эсеп боюнча, баары болуп алты миңдей киши болот.  Азыр нааразычылык акциясын уюштуруу боюнча штаб түзүлдү. Андан сырткары белгилүү саясатчылар келишээрин билдиришти. Алардын аттарын азырынча айтпай туралы.

Эске салсак, «атамекенчилер» Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен чыгышат, ошондой эле Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун да боштондугу талап кылынат.  

Экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева Vesti.kg сайты менен болгон маегинде белгилегендей, алар жаңы бийлик келгенде саясий камактагылар чыгат деп үмүт кылган.

- Биринчи талап - бул аларды камактан чыгаруу, экинчиси актоо, - деп түшүндүрдү ал. - Биз жаңы бийликтин келиши менен адилеттүүлүк орнойт деп үмүт кылганбыз, бирок алар эски эле жолго түшүштү. Ошондуктан биз тынчтык митингге чыгабыз.

Сасыкбаеванын сөзүнө караганда, Леонид Маевскийдин камалышы Текебаевдин актыгын далилдейт.

- Текебаевдин айыпталуусуна бир да далил жок, - деп баса белгиледи ал. Юристтер сотко бардык жүйөлөрдү келтиришти. Андан сырткары, Атамбаев да кылган иштерин мойнуна алды. Маевский болсо азыр камакта отурат. Буйрукту аткаргандыгы түшүнүктүү да.

 Мурда билдиргендей, айтылган тынчтык митинги быйыл чын курандын жыйырма үчүндө өтөт.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх