Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина өзүн колдобогон КСДП фракциясынан эмнеге чыкпай жүргөндүгүн айтып берди

«Мен устаранын мизи менен жүрөм, бирок мандатымды бербейм»

Мандаттан баш тартып жана КСДП фракциясынан чыгып кетүү - бул коркоктук. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Ирина Карамушкина билдирди.

- Фракцияда менин бир да кесиптешим трибунадан мен айткан нерсени айта албайт, - деп белгиледи ал. Албетте, азыр фракция калп эле иштемиш болуп калды, мандатты тапшырып кетип калсам деле болот. Бирок андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Андан фракцияга эч кандай пайда да келбейт, таасир да этпейт. Өлкөдө эмне болуп жаткандыгын кимдир бирөө айтып турушу керек да. Жалгыз болсо да үнүмдү чыгарып турам.

Ирина Юрьевна эгерде мыйзамды бузса жогорку даражалуу чиновниктер тууралуу маалыматтарды айта бергенден коркпойм деп кошумчалады.

- Мен вице-премьер жана алтургай мамлекет башчы тууралуу айттым, башкалар болсо үндөбөйт, - деди ал. - Эгерде мен кетсем, анда баары жыргап калышат уялбай. Азыр баары эле уят-сыйытты жыйыштырып, өз кызыкчылыктарын гана ойлоп калышкан. Мен биздин партияны рейдерлик кылып басып алып жатат дегенимде, фракциядан эч ким мени колдобой койгон.

Кечээ жакында мени алдын ала чакыра турган кыргыз-орус иш чарасы өтмөк. Алар мага чалып тизмеден менин атымды алып салгандыгын уктурушту. Бул биздин расмий түрдө оппозиция деп жарыя кылгандан кийин болуп жаткан иш. Көрдүңөрбү эмне болуп жаткандыгын.

Карамушкина фракцияда өзү жалгыз калса да өз ишин уланта берээрин айтты.

- Ооба, биз азыр устаранын мизинде басып жүрөбүз, бирок качып кетпейм. Мен эч кимден коркпойм, - деп сөзүн бүтүрдү эл өкүлү.

Эске салсак, мурда КСДП партиясы өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыя кылды. Ошол эле учурда парламенттик фракция жетекчиликтин чечимин колдобойт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх