Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акаев сулуу чымчык болуп көрүнгүсү келип жатат». Мурдагы президенттин активдүүлүгүнө болгон депутаттардын жообу

Ал ортодо УКМК мурдагы башчысы туңгуч президент өзүнүн юбилейин Кыргызстанда эли менен тоссо жакшы болмок деп билдирди

Акыркы эки жумадан бери Кыргызстандыне биринчи президенти Аскар Акаев бир канча чет элдик агенттиктер менен Аксы окуясы жана Жоогазын революциясы тууралуу аңгемелешкенге үлгүрдү.

Ал өзүнүн өмүрүндө эң кыйын болгон чечимди 2005-жылы жалган курандын жыйырма төртүндө кабыл алууга туура келгендигин бир нече ирет кайталады.

Ал ортодо Vesti.kg сайты туңгуч президенттин мынчалык активдүүлүгү эмнеге байланыштуу экендиги тууралуу депутаттардын оюн билүүнү чечти.
- Аскар Акаев өзүн актайм деп жатат, - деп билдирди депутат Алмазбек Токторов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Чамасы, ал Атамбаевдин сөзүнө жооп кылды окшойт. Менин оюмча, ал интервьюсунда президенттин чечимисиз атууга чечим кабыл алынбастыгын айтты окшойт. Акаев өзүн актаганы жатат. Ал өзүн актоого дагы бир ирет аракет кылып көрдү. Акаев мекенине куса болуп жүрөт. Ал азыркы бийлик аны кечирет деп ойлойт. Эгерде бийлик кечирген күндө да, эл аны билет. Менимче, мунусунан эч нерсе чыкпайт.

Ушундай эле деген ойду Vesti.kg сайтына эл өкүлү Махабат Мавлянова бөлүштү.

- Мен аны актанып жатат деп ойлойм, - деди ал. - Ал жоопкерчиликтен качууга далалат кылып жатат. Бизде дайыма ушундай: башка бирөөнү айыптап, өзүн актай беришет.

Өзүнүн кесиптештерин депутат Анвар Артыков да колдоду. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Аскар Акаев кылган кылыктарын жашырып, жалпаңдап жатат деди.

- Акаев өзүн Рим папасынан да ыйык көрсөткүсү келип жатат, - деп билдирди эл өкүлү. - Бирок бул андай эмес. Аксы окуясы - анын мойнунда турган кылмыш. Актанып, жалпаңдап жатат. Акыркы убактарда Акаев да, Бакиев да ар бир учурдуга комментарий бере башташты. Бул алардын актанып, кайтып келүүгө болгон аракеттери. Балким саясатка кайтып келүүгө ойлору бардыр. Акаевге да Бакиев сыяктуу эле кылмыш иши козголгон. Баары биринчи президентке: «Келе бер» дешти. Балким ал кайтып келет.

Ошону менен бирге УКМК мурдагы төрагасы Болот Жанузаков Vesti.kg сайтына Кыргызстандын туңгуч президенти мүмкүнчүлүк болсо мекенине кайтып келет деп ырастады.

- Эгерде чындап мүмкүнчүлүк беришсе ал кайтып келет, - дейт Болот Чыныбаевич. - Акаев азыр ишмер адам, илимге канып турат. Быйыл Аскар Акаевич 75 жашка толот. Мааракесин ушул жерде эли менен белгилесе жакшы болмок. Бардык окуялар салыштыруу менен бааланат. Акаев жүргүзгөн реформалар 2005-жылдан кийин жакшы жемиштерин берди. Пара айланып калган, ал 15 жылдан бери иштеп жатат. Ал реформанын жемиштеринин даамын Бакиевдин жана Атамбаевдин тушундагы адамдар татышты. Аскар Акаевге Кудай ден соолук берсин.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх