«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясын эң жаман деп атаган орусиялык журналист сөзүнө тактоо киргизди
Дмитрий Смирнов өзүнүн постуна мындай буркан шаркан түшкөн жооптордун болоорун күткөн эмес
Кремлдин үйүрүнө кирген «Комсомольская правда» гезитинин кабарчысы Дмитрий Смирнов, өзүнүн Telegram-каналында Кыргызстанда чет элдик журналисттерди кантип кабыл алышаарын сындап чыкты. Ал Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Бишкекке боло турган сапары тууралуу өз пикирин билдирди.
Смирновдун сөзү боюнча, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы мурунку СССР аймагындагы өлкө башчыларынын резиденцияларынын ичинен эң начары. «Ал жерде баары жаман: алсыз интернеттен баштап, прессага тамак берчү жердин жоктугуна чейин баары начар», - деп жазат журналист.
Кабарчы «Ала-Арчада» маалымат борборунун жоктугун, ал эми ЖМК кызматкерлери үчүн ажаткана кошуна имаратта экендигин, ал жакка баруучу жол коркунучтуу экендигин айтат.
Сөзүнүн аягында Смирнов : «Кесиптештерим алек боло турган нерсе бар. Албетте, эгерде аларга бир эле Путин келбестигин ойлонушкан болсо», деп белгилейт.
Журналисттин бул посту көптөгөн ЖМК таркады. Дмитрий Смирнов өзүнүн Telegram-каналындагы кийинки белгилөөсүндө кыргызстандыктардын мынчалык буркан шаркан түшуп жооп кайтараарын күтпөгөндүгүн мойнуна алды.
Кремлдин үйүрүндөгү журналист, коомчулукту майда-чүйдөгө көңүл бурбоого чакырып, кесиптештеринен кыргыз-орус мамилесиндеги достукту баалоону өтүнөт. Анткени менен өзүнүн майдачылдыгын мойнуна алып кечирим сураган эмес.
«Менин жазгандарыма Кыргызстандын ЖМК ушунчалык буркан шаркан түшүп жооп кылаарын күткөн эмесмин. Мен өзүмдүн жеке учурумдагы нерселерди глобалдуу маселеге айландырып алгандыгымды туура эмес деп эсептейм. Кыргызстан - ажайып өлкө, Орусия бул өлкө менен бардык деңгээлде жакшы мамиледе болот жана ошол бойдон калгысы келет. Мен азыр Бишкекке сапар ала турган элдердин маанайын бузайын деген жерим деле жок. Мага азыр Бишкектин көчөлөрүндө болуп жаткан нерселер тууралуу видео салып жиберишиптир. Мен андан достукту жана биздин бара турган делегацияга болгон көңүл бурууну көрдүм. Келгиле майда нерсеге көңүл бурбай, биздин мамиле менен достукту баалайлы», - деп сөзүн бүтүрөт Смирнов.
Сүрөт www