Коңгантиевдин жактоочусу: Менин коргогон кишимди шалакылык боюнча айыптоолор жел айдагандай жок болуп жатат
Күбө сотто мурдагы ИИМ башчысына койгон дооматынан баш тартты жана алтургай ага ыраазы экендигин билдирди
ИИМ мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевди айыптоочулар мойнуна коё албай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.
- Бүгүн Улуттук банктын филиалынын мурдагы башчысы Мелис Батырбеков биринчи отурумда суракка алынды, - деп белгиледи ал. - Коңгантиевди Батырбековго карата шалакылык боюнча айыптап жатышат. Менин коргогон адамым анын токмок жеп жатканын көрүп туруп, жардам берген эмес деп жатышат. Бирок Улуттук банктын кызматкери Коңгантиевге эч кандай дооматым жок деп жатат. Андан да, Батырбеков ага анын туугандарын алып ыгып кеткендигине ыраазычылык билдирет. Мына, эми азыр бул айыптоолор желге учкандай жок болуп жатат.
Айткулов кийинки сот отуруму чын курандын жыйырма экисинде өтүшүн кошумчалады.
- Сот иштерим көп деп процессти жылдырып койду, - деп сөзүн аяктады юрист.
Эске салсак, мурдагы ИИМ башчысынын кайра козголгон ишин иликтөө 2018-жылы бештин айында аягына чыккан.
Молдомуса Конгантиевге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин «Кызматтык абалынан ашыра пайдалангандыгы» жана «Шалакылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Вероника Малышева
Сүрөт www