Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгоштубу? (сүрөт)

КСДП чакыруу болбогондугун, бирок партиядагылар ким арыз жазгандыгын билишээрин белгиледи

Президенттин администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгондугун айтып жатышат. Мындай маалыматтар социалдык тармактарда таркатылды.

Тармактын колддонуучусу маалыматты жарыялоо менен бирге сотко чейинки иликтөө ишинин башталгандыгын тастыктоочу документтердин да сүрөтүн илген.

Ошону менен бирге КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына партиядагылардын тармактарда андай маалыматтын пайда болгондугун билишээрин билдирди.

- Ооба, биз ал маалыматты көрдүк, бирок иш козголгондугу тууралуу так билбейбиз азырынча, - деп түшүндүрдү ал. - Фарид Ниязовго бул туурасында билдирүү келе элек жана суракка чакырыша элек. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн адамды арыз жазганга мажбурлаган деген билдирүү болду. Ниязовду айыптоо - бул толугу менен абсурд. Бүгүн Фарид Аблезимович бул туурасында билдирүү жасайт.

Кыргыз Республикасынын ИИМ маалыматты кийинчерээк берүүгө убада беришти.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх