Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орус элчилигинин алдында кармалган жарандык активисттерди эч жакка чыкпоо тууралуу кол койдуруп чыгарышты

Жактоочу аларды кармоо мыйзамсыз болгондугун айтат

Орус элчилигинин алдында пикет кылгандыгы үчүн кармалган Нурлан Кармышаков менен анын жубайы Гульзан Имаеваны Биринчи май райондук сотунун ИВС кечээ бошотушту.

Сот жубайларды эч жакка чыкпоо тууралуу кол койдуруу менен чыгарды, анткени жактоочу алардын мыйзамсыз кармалгандыктарын айтып бошотуууну талап кылган.

Кармышаков бошогондон кийин эмнеге пикетке чыккандыгын айтып берди.

«Биз аялым экөөбүз тең Ысык-Көлдөн болобуз. Бала кезден бери торпедо базасын көрүп келе жатам. Ал жерде эмнелер болуп жаткандыгын ушул убакка чейин эч ким билбейт. Ысык-Көлдөгү торпедо базасы тууралуу тема эч качан талкууга алынбайт. Биз аялым экөөбүз өз пикирибизди билдирели дедик», - деди ал.

Коркунучтуу угулат, бирок аскердик ишкананын тосмосу болгону туура эле го. Андан сырткары, ал тосмонун артында эмнелердин болуп жаткандыгын көптөрү эле билишет. Ал жерде бир катар мамлекеттер үчүн чыгарылган «Дастан» заводунун торпедолору бар экендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Активисттин минтип чыгышы да күтүүсүз болду, бул нерсе коомчулукта деле кеңири белгилүү болчу.

«Эгерде мэрияга билдирүү бергенде албетте уруксат бермек эмес, - дейт Кармышаков. - Бирок мен үндөбөй коё албадым. Якутиядагы окуялар. Андан соң кремлдик журналисттер таза эмес ажаткана жана кожоюндун сапарына даярдыктын жаман экендиги тууралуу жазышты.
Ал эми биздин бийлик болсо Путиндин келишине түндөп жолго асфальт төшөп жатышат. Бийлик биз үчүн жанталашышы керек болчу, бул жерде биз жашайбыз».

Кыскасы, Нурлан Кармышаков менен Гульзан Имаевалар чамасы Кыргызстанда калышпайт окшойт.

Кечээ Vesti.kg сайты милиция активисттердин үйүнөн Мексикага ачылган визаны табышкан. Укук коргоочуларга жубайлардын 2019-жылдын жалган куранынын жыйырма биринен жыйырма бешине чейин бул жерде болгондугу белгилүү. Такталбаган маалыматтарга караганда, Кармышаковдор АКШ чегарасын кесип өткүлөрү келишкен, бирок ал оңунан чыккан эмес.

Ошондой эле тинтүү учурунда 17 миң 600 доллар акча жана 16-калибрлүү эки найлуу мынтык чачылган түрүндө табылган, тийешелүү документтери болгон эмес. 10 дүрмөт, бир банка ок дары жана 300 грамм чачмай.

Бир нече күн илгери «Комсомольская правда» гезитинин кабарчысы, кремлдик үйүргө кирген Дмитрий Смирнов өзүнүн Telegram-каналында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик журналисттерди кантип тосуп алышаарын сындап жазган болчу.

«Ал жерде баары начар: тартпаган интернеттен баштап, журналисттердин тамактануучу жайынын жоктугуна чейин, - деп жазат ал. - ЖМК кызматкерлери үчүн ажаткана кошуна имаратта жайгашкан, ага барчу жол кооптуу».

Толкун Сагын
Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх