Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Путинге каршы митигдин катышуучулары Мексикада болуп келишкен

Юрист Карымшаковдун үйүндөгү курал аныкы эмес экендигин айтат

Орус элчилигинин алдындагы митингдин уюштуруучулары Нурлан Кармышаков менен аялы Гульзана Имаева Мексикага досуна учуп барып келишкен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Юристтин сөзү боюнча, «Путин агрессор, киши өлтүргүч, баскынчы», «Ысык-Көлдө торпедо жана бомбага орун жок» деген плакаттар менен пикетке чыккан үй бүлө жакынкы эки жылдан бери Европанын бир канча өлкөлөрүндө болгон.

- Азыр ИИМБ Карымшаковдордун Мексикада болгондугун бетине кармап жатат, андай болсо адар Түркияда да эс алышкан мурда, - дейт ал. - Алардын Мексикага болгон сапары тууралу айта турган болсок, алар досунун чакыруусу менен мындан бир канча убакыт мурда барып келишкен.

Мурда Бишкек ИИМБ маалымат кызматы активисттердин үйүнөн 17 миң 600 доллар акча жана 16-калибрлүү кош найлуу мынтыктын табылгандыгын жана анын уруксат берилген кагаздары жоктугун билдирген. Андан сырткары 10 дүрмөт, 1 банка ок дары жана 300 грамм чачмай табышкан.

Жоошев ал табылган нерселер атасына таандык экендигин түшүндүрдү.

- Менин коргогон кишимдин сөзу боюнча, бул аңчылыкка чыгуучу мылтык, ал атасынан калган. Атасы 2001-жылы каза болгон, - деп комментарий берди ал. - Кармышаков жана тергөөчү куралдын жана дүрмөттөрдүн дат баскандыгын, ал тургай аны эч кимдин кармабагандыгын айтышты. Биз аны карап көрө элекпиз.

Жактоочу кармалган активисттин Биринчи май райондук ИИБ имаратында 19 саат ачка болгондугун тастыктады.

- Бизди кармагандан кийин 20 саат өткөндө үч шаурма алып келип беришти, - деп кошумчалады ал. - Тергөө тарабынан богон бул мыйзам бузуу фактысы боюнча арыз Улуттук кыноолорго каршы борборуна берилди. Ал андан ары прокуратурага жөнөтүлүш керек.

Юристтин сөзү боюнча, Карымшаков менен аялынын митиги 30 мүнөткө созулган.
Эске сала кетели, Нурлан Карымшаков жана анын аялы Гульзана Имаева жалган курандын жыйырма жетисинде кармалышкан. Кечээ аларды сот ИВС эч жакка чыкпоого кол койдуруп бошотту.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх