Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев: Баткен облусунун башчысын алмаштыруу чегара көйгөйүн чече албайт

Ошону менен бирге мурдагы атка минер Акрам Мадумаров жергиликтүү эл менен ымалага келе алат деп эсептейт

Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштыруу чегара көйгөүн чече албайт. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди.

Бирок, анын сөзү боюнча, жаңы жетекчи Акрам Мадумаров коомчулук менен толук келише алат.

- Чегара жаңжалы мындай деңгээлде чечилбейт, - деп белгиледи ал. - Андан сырткары, бул өтө узун окуяны өзүнө камтыйт. Бүгүн облуска жетекчи бюолгон адам мурда Мамлекеттик кадр кызматында жаңжалы жок иштеген. Мен аны менен жеке тааныштыгым жок, бирок менин оюмча ошол аймактын кулуну катары жергиликтүү эл менен келишип иштеп кетет деген ойдомун.

Эске сала кетели, Акрам Мадумаров Баткен облусуна жетекчи болуп дайындалган биринчи эле күнү жаңжалдын ортосунда калды.
Жарандык активист аял Роза Маманова Мадумаровду өзүн куугунтуктоого айыптады. Активист аял Vesti.kg сайтына милиционерлерден бекинип шкафка киргендигин жана алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен кармаганы куелишкендигин айткан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх