Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бирөөнүн айтканын жазып койгондугу үчүн журналистти жоопкерчиликке тартуу кеңкелестик»

Укук коргоочулар Жогорку соттун ЖМК өкүлдөрүн бирөөнүн сөзүн таркаткандыгы үчүн жазалоого болбойт деген билдирүүсүнө макул

Журналисттин аткарган кызматынын маңызы суроо берип жана ага жооп алуу. Ошондуктан көпчүлүк учурда аларды эмне үчүн жоопко тарткандыгы түшүнүксүз болуп калат. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт Игорь Шестаков билдирди.

- Журналистти айткан сөздү жазганы үчүн жоопко тартуу кеңкелестик, - деп баса белгиледи ал. - Эгерде ЖМК жана журналисттин өзү маектешинин айтканын бурмалап жиберсе, анда териштирүүгө негиз болот. Бирок, журналист интервью алган адамдын сөзүн бузбастан берсе, анда анын күнөөсү эмнеде экендиги түшүнүксүз болуп калат. Журналисттин миссиясы суроо берип жана ага жооп алуу. Айткан сөзүн жазып койгондугу үчүн журналистти эмненин негизинде жоопкерчиликке тартышаары белгисиз.

Дагы бир укук коргоочу Уткир Жаббаров да ЖМК өкүлдөрүн айткан кишинин сөзүн жазганы үчүн жазага тартуу туура эмес деп эсептейт.

- Жуналистти маектешинин сөзүн жазганы үчүн эжоопкерчиликке тартууга болбойт, - деп белгилейт Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук «Акыйкат» укук коргоо уюмунун координатору Уткир Жаббаров. - Айтылган сөздү үн жазгычка жазып алуу керек, кийин тана турган болсо, мойнуна коюу үчүн керек болот. Журналист өз текстинде бирөөнүн сөзүн келтиргени үчүн жоопкер болбошу керек. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33 - беренесинде көрсөтүлгөн.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жоолугушууда соттор Кыргыз Республикасынын ЖМК тууралуу Жогорку соттун токтомуна каршы иштерди кээде кылып коюп жатышкандарын моюндады. Анын ою боюнча, журналисттерди маектешинин сөзүн таркаткандыгы үчүн жоопко тартууга болбойт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх