Бишкекте экинчи элдик курултай болот
Турсунбек Акун кезектеги боло турган чогулушта кандай маселелер талкуулана тургандыгын айтып берди
Бишкекте боло турган экинчи курултайда мурдагы курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын талкуулашат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына адам укугу боюнча Орто Азия өлкөлөрүнүн конгрессинин координатору, мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун айтып берди.
- Биз жетинин айында биринчи курултайды өткөргөн кезде келээрки жылы чын куранда же бугу айында кайрадан чогулабыз деген болчубуз, - деп эскерет ал. -Экинчи курултай чын курандын жыйырма жетисинде болот. Бул убакыттын ичинде белгилүү бир иштер жасалды. Мурунку чогулушта кабыл алынган чечимдерге байланыштуу көп сандаган иш чаралар болду. Азыр ал жерде талкууга алына турган маселелерди парламенттин депутаттары, өкмөт жана Жогорку сот алдын ала чечип коюшкан, талкууга алынбай тургандары да чечилген.
Эске салсак, биринчи элдик курултай 2018-жылы жетинин айынын жыйырма төртүндө болгон.
Белгилей кетели, бирдин айынын жыйырмасында курултайды мыйзамдаштырышты. Ушуга байланыштуу жумушчу топ түзүлгөн. Тийешелүү жарлыкка президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев кол койду.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www