Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновду бошотуудан баш тарттырган норма жокко чыгарылышы мүмкүн

Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясы Жогорку Кеңештин спикеринен жаңы кодекстерге түзөтүү киргизүүнү өтүнүшөт. Юристтер бул идеяны колдошот

Эгерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам айыккыс дартка чалдыкса, аны жаза мөөнөтүн өтөп бүтүшүн күтпөстөн эртерээк бошотуу керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына белгилүү юрист, жактоочу Руслан Долаев билдирди.
- Мен жаңы кодекстеги өлөөрчө катуу оорулуу адам жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүтүп гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат деген норманы көрүп абдан таң калдым, - деп белгиледи ал. - Камакта эмне үчүн кармашат деген суроо туулат?

Ошону менен бирге Долаев мурда Кыргызстанда ооругна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу деген жазадан качуунун бир жолу катары колдонушкандарын эскерте кетти.

- Медициналык документтерди жасалма кылып даярдап боштондукка чыгып кеткен убактар болгон, - деп түшүндүрдү ал. - Алтургай Жогорку соттун токтомун мөөрү менен жасалма кылып чыгарганга чейин барышкан. Бирок акыркы эки жылдан бери мен андайды уга элекмин. Ошондуктан жаңы кодекстердин нормаларын кайра кароону туура деп эсептейм. Мисалы, УКМК мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун акыбалы ошондой болуп жатат. Анын оорудан айыкпашы баарына белгилүу болуп турат, Аны эмнеге бошотушпайт?

Түшүндүрө кетели, Кыргызстандагы кыйноолорго каршы Коалициясы Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековго кайрылуу жасап, анда Жазык жана Жазык аткаруу кодекстериндеги жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүтпөгөндүгүнө байланыштуу боштондукка чыкпай турган нормаларга түзөтүү киргизүүнү өтүнүшкөн. Андан сырткары, коалиция өмүр бою эркинен ажыратылгандарды жаза мөөнөтүн жыйырма жыл өтөй элек болсо камактан чыгарбоо тууралуу норманы да өзгөртүүнү суранышат.
«Катуу ооругандарды медициналык жактан тейлеп карай албагандыгынын себеби, бул соттолгондорду кайра тарбиялоо режиминин талабына жооп бербейт. Ошол себептен мөөнөттү аныктоо Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу Кодесиндеги нормалар Конституциянын 22 беренесинин негизинде принциптерге туура келбейт жана гумандуу эмес».

Белгилей кетүүчү нерсе, 2019-жылдын үчтүн айынын бирине чейин күчүндө боло турган Жазык жана Жазык аткаруу кодекстеринде кандайдыр бир жаза мөөнөтүн аз өтөө тууралуу формалдуулу же талаптар каралган эмес.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх