Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Асылбек Жээнбеков мурда эле элге белгилүү болгон фактыны расмий түрдө ачыктады»

Саясат талдоочулардын пикири боюнча, саясатчынын бул чечими боло турган эле нерсе болчу

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков расмий түрдө КСДП саясий партиясынан чыккандыгын жарыя кылды. Эл өкүлү мындай билдирүүнү бүгүн парламенттин жыйынында билдирди. Депутат өз ишмердүүлүгүн КСДП фракциясында уланта берүүгө ниеттенип жатат.

Толук маалымат үчүн: https://vesti.kg/politika/item/59928-asylbek-zheenbekov-predprinimayutsya-usiliya-chtoby-vtyanut-menya-v-intrigi.html - Асылбек Жээнбеков: Мени ар кандай интригаларга тартуу аракеттери болуп жатат - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Асылбек Жээнбековдун чечими азыркы партия Алмазбек Атамбаевде калаарынан кабар берет. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марс Сариев бөлүштү.

- Бул КСДП партиясы Атамбаевде кала тургандыгын билдирет, - дейт ал. - Партиянын мүчөлөрү аны кичинекей кылып, таасири аз кылганды каалашат. Анткени алдыда парламенттик шайлоо турат. Бийлик партияны тартып ала алган жок, Атамбаевди да партиядан жок кыла албады. Менимче, Жээнбеков жаңы партия түзөт. Азыр Ысык-Көлдө жаңы партия пайда болду. Анда белгилүү мурунку лидерлер бар, алардын бири Шеримкулов. Алар «Замандаш» сыяктуу партиялар менен биригет. Бул коалицияда КСДП караганда салмактуу болуш үчүн жасалат. Эгерде учурдагы партия Атамбаевде кала турган болсо, анда ал саясатта кала берет. Иш жүзүндө аны жоопкерчиликке тартууга да мүмкүн болбой калат. Менимче саясий куугунтук кылышат. Андай болушу үчүн партия бардык жагынан кыскартылган эргежээл болушу керек.

Асылбек Жээнбеков мурда эле баарына белгилүү болуп калган фактыны расмий ачыктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Чынара Эсенгул билдирди.

- Бул деген идеялык программалар боюнча алдардын ортосунда ажырым кеткендигин билдирет, - деди ал. - Партиянын мүчөлөрүнүн көз караштары капкачан эле келишпей калган. Жээнбеков элдин баары талкууга алып жаткан фактыны расмий түрдө моюнга алды. Бул КСДП партиясынын оппозицияга кеттим дегенине эле окшош.

Позициясын ачык билдирип жана коомчулукка бул тууралуу жарыя кылуу болуп жатат. Асылбек Жээнбеков жаңы партия ачышы да ыктымал. Бизде дайыма шайлоого бир жыл калганда жаңы партия ачышат эмеспи. Эмнегедир ошол жаңы партиялар ийгиликке бат жетишет. Кыргызстандын тарыхында мындай учур «Ак Жол» партиясында болгон. Эгерде стратегилык жактан туура ойлонсо, анда Жээнбеков кандайдыр бир азыркы иштеп жаткан партиялар менен коалицияга биригүсү керек. Ушундай кылса коомчулукка түшүнүктүү да, ишеничтүү да болмок. Асылбек Жээнбеков шайлоодо тобокелчиликке барып: «Бийлик биздин колдо. Бизди колдогон элди биз ишендире алабыз», деп билдириши мүмкүн. Ушундай эки жолу бар.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх