­
Сооронбай Жээнбековдон ШКУ парламенттик ассамблея түзүү демилгесин көтөрүүнү өтүнүшөт - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдон ШКУ парламенттик ассамблея түзүү демилгесин көтөрүүнү өтүнүшөт

Эксперттер мамлекет башчыга ачык кат менен кайрылышты

Кыргызстандын саясат талдоочулар жана коомдук ишмерлер тобу Сооронбай Жээнбековдон Шанхай кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясын түзүү демилгесин көтөрүүнү суранышат. Мунун эмнеге керек экендигин алар президентке жазган ачык катта айтышкан.


Төмөндө мамлекет башчыга жиберилген текстти келтиребиз:

«Белгилүү болгондой, НАТО, Евробиримдик, ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ сыктуу эл аралык интитуттар жана башкалардын парламенттик ассамблеялары бар, ал аталган уюмдардын ишине таасирин тийгизип, бул институттардын тапшырма аткаруудагы катализатору катарында кызмат өтөйт.
ШКУ 18 жылдан бери жашап келет жана бул уюмдун мүчөсү катары Кыргызстан үчүн парламенттер аралык институттун ачылышы демилгесин көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул нерсе пайдалуу кызматташтык үчүн улуттук мыйзамдарды теңешелөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Уюмдун ички жана тышкы көйгөйлөрүн чечүү боюнча ишти активдештирүү зарыл.Учурда юболуп жаткан геосаясаттын шартында ШКУ кучтөнүүгө муктаж. Эми дүйнө экиге бөлүнөт, ошондуктан Шанхай кызматташтык уюмунун ролу мындан да жогорулайт.

Саясат талдоочулар жана коомдук ишмерлерд жалган курандын жыйырмасында Кыргызстандын ШКУ штаб-квартирасы Кыргызстанда болгон парламенттер аралык ассамблея түзүү демилгесин көтөрүшү жөнүндө тегерек үстөл өткөрдү.

Бул талкууга катышкандар мындан 10 жыл мурда Жогорку Кеңештин депутьаттары баштаган ишти улантуу зарылчылыгы келип жетти деген ойго келишти. Бул тема тууралуу бардык процедуралар ШКУ мүчө мамлекеттердин парламенттик спикерлери менен талкууланышы маанилүү.

Кыргызстандагы ШКУ парламенттик ассмблесынын ачылыш темасын көтөрүүнү сизге сунуш кылабыз. Биздин өлкө анын базасынын штаб-квартирасы үчүн кокустан тандалып алынган жок. ШКУ түзүү процесси Бишкекте каралган жана терроризмге каршы түзүм иштелип чыккан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ташкент шаары тандалып алынган. Ошондуктан Кыргызстандын ШКУ ПА түзүү маселесин июнь саммитинде көтөрүүгө негиз бар.

ШКУ мүчө болгон 8 мамлекеттин ичинен 4 мамлекет өзөктүк держава болуп саналдат. Ушундай эле атаандаштык кырдаал ЕАЭБ байкалат. Ошондуктан Евробиримдиктин штаб-квартирасы болуп атаандаштыгы жок Брюссель тандалып алынган. ШКУ болсо Кыргызстан ошондой кырдаалда турат.

Биздин сунушубуз Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан колдоого алынаарына ишенебиз. Азыркы геосаясаттын кырдаалында бул уюмдун кадыр баркы байкалаарлык жогорулады».


Катка кол койгондор:

Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин экс-спикери, Кыргыз Республикасынын ТИМ Элчилик академиясынын проректору;

Бакыт Бакетаев, политолог;

Мурат Сүйүмбаев, КОСУ профессору;

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору;

Александр Собянин, саясат талдоочу, «Кочевник» элдердин маданий өнүгүү Фондунун саясий директору (Орусия Федерациясы);


Ислан Рыскулов, Экономика илимдеринин кандидаты, профессор, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү;

Спартак Иванов, саясат илимдеринин доктору, профессор;

Эрик Исраилов, «Общественный рейтинг» гезитинин башкы редакторунун орун басары;

Урмат Кенжесариев, коомдук ишмер,"Адилет«» АК төрагасынын орун басары.

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх