Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат - премьерге: Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, сиз чегарага барганда баары жайына келип калган болчу

Кыргыз-тажик чегарасында жашаган кыргызстандыктарды салыктан бошотуу сунушталды

Мурда Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары жаңжалдашкан Ак-Сай айылынын жашоочулары Жогорку Кеңештин депутаттарын душман катары кабыл алышты. Бул тууралуу паламенттин жыйынында эл өкүлү Карамат Орозова билдирди.

Орозованын сөзү боюнча, жарандар аябай сарсанаа болгон абалда болушкан.

- Жаңжал болгон жерге барып, биз өзүбүздү күнөөлүү сездик, - деп баштады ал өз сөзүн. - Анткени биз мыйзамды кабыл алып, өкмөт бекиткен. Ошондой эле премьер-министрдин Баткен облусундагы чегара аймагына баргандыгына ыраазычылык билдирем. Бирок, Мухаммедкалый Дүйшокеевич, сиз баарына өз жайына келип калганда бардыңыз.

Эл өкүлү кесиптештерине жана өкмөткө Баткен облусунун чегарасындагы кырдаал бүгүн эле чыгып жаткан жок деди. Ошондой эле ал Ак-Сай аймагына стратегиялык обьект макамын берүүнү сунуш кылды.

- Көйгөй 2009-жылы Адахан Мадумаров гравий казылып алынган жердин документине кол коюп бергенден башталды, - деп баса белгиледи Карамат Орозова.

Биз алгач ал жерге барганыбызда эл бизден тынчтык жана туруктуулукту талап кылды. Ал жерлеги эл сарсанаадан жабыр тартышат, аялдар ден соолугу начар балдарды төрөшөт жана психологиялык жактан жабыр тартышат. Чегарадагы көйгөйдү тез арада чечүү керек.

Андан сырткары, ал жол курулушун бүтүрүү зарылдыгын айтты, анткени Кыргызстандын жарандары тажиктерге тийешелүү жол менен өтүүго мажбур болушат.

- Чегара кызматын жана укук коргоо органдарынын ишин күчтөө керек, - деп кошумчалады ал. - Көптөгөн чегера заставалары оңдоого муктаж, ал жерге чегарачылардын санын көбөйтүү керек.

Карамат Орозова чегарага жакын аймактагылардын бардык көйгөйлөрүн эсептеди жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздигине көңүл бурду. Ошондой эле иче туган жана суугатка пайдалана турган суунун жетишсиздиги менен жумушсуздукту айтты.

Өз баяндамасы менен депутат Таабалды Тиллаев да чыкты, ал да окуя болгон жерге барып келген болчу.

Ал мурда бул көйгөйдүн жаралышы тууралуу өкмөткө алдын ала эскерткендигин эске салды.

Мен мурда суунун жана жолдун жоктугунан көйгөй жаралат деп айткам, - деди ал. - Биз куруп жаткан жолду эч кимдики эмес деп кагазга кол коюу канчалык туура болоорун мен билбейм. Менимче ага укук коргоо органдары баа берсе керек. Анан да 2010-жылы коңшу мамлекетке жер участоктору менен үйлөрдүн сатылышына да көңүл буруу зарыл. Көк-Таш айылында 28 үй жана 62 участок сатышкан. Ак-Сай айылына 37 үй, самсакана, авто жуугуч жай, ашкана ачылган. Лейлек районунун Максат айылында 31 гектар жер Тажикстанга өтүп кеткен. Сада айылында 9 гектер, Кулунду айылында 28 гектар жер коңшу республикага өтүп кеткен.

Ошону менен бирге эл өкүлү министрлер кабинетин социалдык көйгөйлөр менен алектенүүнү сунуш кылды.

- Эгерде биз дагы ушинтип коркоктук кыла берсек, эч кандай чечүүчү чараларды көрө албайбыз, келгиле анда жок дегенде социалдык маселелерди чечели, - деп билдирди Тиллаев.

- Кээ бир кыштактарда кадимки эле иче турган суу жок. Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, элдер ал жердеги шарттын жоктугуна карабай жашап жатат. Келгиле аларды салыктан бошотолу, пенсия, жөлөк пулдарын эки эсеге көтөрөлү.

Жогорку Кеңештин эки депутатынын сөзүнөн кийин чегара маселесин чечүүнү жабык эшик артында талкуулоого өтүштү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх