Бишкекте Путинге каршы пикет уюштурушкан эрди-катындар прокуратурага арызданышты
Жактоочунун айтымында, милиционерлер аларды америкалык тыңчылар деп аташкан жана алардын туугандарына кысым көрсөтүшкөн
Владимир Путинге каршы орус элчилигинин астында пикет уюштурган эрди-катын активисттерге милиция кызматкерлери ыдык көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Нурлан Карымшаков менен анын аялы Гульзан Имаеванын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Юристтин айтымында, укук коргоо органы Карымшаковдун атасынын үйүн тинтүүгө ниеттенип жатышат.
- Мен коргогон адамдын айтуусунда, милиционерлер алардын тааныштарынын жана туугандарынын үй лөрүнө барып жатышат. - Милиционерлер алдарга Карымшаков менен анын аялы америкалык тыңчы жана Сирия менен байланышы бар деп айтып жатышат.
Ошондой элек укук коргоочулар Нурландын Ысык-Көл облусунда жашашкан ата энелерине да барышып, тинтүү керектигин айтышкан.
Жактоочу Нурландын атасынын үйүнөн уруксат кагазы бар мергенчинин мылтыгы сакталгандыгын кошумчалады. Карымшаков болсо аялы экөө прокуратурага арыз менен кайрылышты.
- Милиционерлерге чара көрүү өтүнүчү менен алар Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылышты, - деп түшүндүрдү юрист.
Эске салсак, Нурлан Карымшаков жана анын аялы Гульзана Имаева жалган курандын жыйырма жетисинде митингге чыккандыгы үчүн кармалган. Кийинчерээк сот активисттерге эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын койгон.
Алардын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, 17 миң АКШ доллары жана кош найлуу 16-калибрдеги мылтыкты чачылган абалда табышкан. Ага кошумча 10 дүрмөт, 1 банка ок дары менен 300 грамм чачма жана Мексикага виза табылган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www