Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эми КСДП альтернативдүү партиясы шайлоого катыша алат»

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева жаңы «социал-демократтар» адилет Министрлигинде каттала тургандыгын билдирди

Бүгүнкү «КСДП Атамбаевсиз» деген чакырыктын алдында өткөн алтернативдүү КСДП партиясынын съездинде Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов болгон жок, болбосо бул съездди ошол киши чакырткан болчу.

Шайлоонун жыйынтыгы менен партиянын жаңы лидери болуп Сагынбек Абрахманов шайланды.

- Бүгүн Сагынбек Абдрахманов үчүн добуш берген КСДП мүчөлөрү аймактардан келишти, - деп билдирди Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин экс-депутат Ыргал Кадыралиева. Ал съезддин катышуучусу болду.

- Демек, ал татыктуу. Менин билишимче, КСДП алтернативдүү партиясы бүгүнкү съездден кийин адилет Министрлигинде катталат. Эми партия алдыда боло турган парламенттик шайлоого катыша алат. Мен эртең менен мыйзамдуу лидер Атамбаев болуп турганда интервью берген болчумун. Съезддин аягына чейин катышуучулардын чогулушуна көз салып отурдум. Мен ал жерде конок катары болдум. Эми Сагынбек Абдрахманов мыйзамдуу лидер. Иса Өмүркуловдун эмнеге бул съездге келбей койгону кызык болуп жатат. Болбосо ал ушул съездди чакыртпады беле? Менимче, анын парламентте маанилүү талкуулана турган маселелери чыгып калган бейм.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх