Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шайназаров эшектин териси менен аткезчилик кылгандарды калкалап жүргөн атка минердин атын атады

Эл өкүлү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук Мамлекеттик инспекциянын төрагасын кызматтан алууну сунуш кылды

Эшектин териси менен аткезчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасы Калысбек Жумаканов калкалап жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын сөзү боюнча, өкмөт Ош облусунун Мады айылындагы эшек ферманы жабууну бир нече айдан бери убада кылып келет.

- Мен силерди уяткарайын деп аракет кылдым, - деп кайрылды ал өкмө мүчөлөрүнө кайрылып. - Бирок ферма таптакыр эле жабылган жок. Мен түшүндүргөнгө аракет кылдым, иштин кай жакта жаткандыгын билдим. Бул бизнестин башында Калысбек Жумакановдун өзү тургандыгын билдим. Документтерди мага Каржы полициясынан алып келип беришти.
Эл өкүлү мурда да эшектин териси менен ондатра аткезчилиги болгондугун кошумчалады.

- Өлгөн жаныбардын этин көмүү жана жок кылуу тууралуу актылар да жок, - деп белгиледи Шайназаров. - Эттин кайда экендиги белгисиз. Жумаканов ондатранын терисин алып чыгып кеткенге өзү кол койгон, бирок аны менен кошо эшектин терисин алып чыкканга аракет кылган. Мен бул атка минерди иликтөө учурунда кызматтан ала турууну сунуш кылам.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх