Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Анвар Артыков: Альтернативдүү КСДП партиясы саясий рейдерлик менен алектенип жатат

«Атамбаевсиз КСДП» парламенттик «социал-демократтар» тарабынан колдоо таппай калды. Депутат алардын съездин мыйзамсыз деп атады

Кечээ альтернативдүү КСДП деп аталган партиянын съезди болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча партиянын лидери болуп Сагынбек Абдрахманов шайланды.

Vesti.kg сайтына экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын билдиргенине караганда, эми бул партия адилет Министрлигинде каталат да, келе жаткан шайлоого катышат.

Өз кезегинде партиянын лидери Сагынбек Абдрахманов Vesti.kg сайтына партиянын атын өзгөртпөйбүз деп билдирди.

Анткени менен, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков альтернативдүү партиянын иш аракеттери абсурд деп билдирди. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- Биринчиден, мен бул съездди мыйзамсыз деп эсептейм, - дейт ал. - Экинчиден, КСДП де-факто жана де-юре парламенттик партия болуп саналат. Бирок бул бутактап чыккан партиядан бир да депутатты көргөн жокмун. Анда бул кандай парламенттик партия болот, курамында бир да депутаты болбосо? Кандай жагынан да алып карабагыла, бул абсурд.

Албетте, мен алардын айткандарына көңүл бурбайм. Партияга ат койгудай жаңы партия түзгөн жок да. Алар партияны саясий рейдерлик менен басып алып жатышат. Бул маселенин айланасындагы билдирүүлөрдүн баарын бекер кеп деп эсептейм.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх