Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дыйкандар товарын арзан баада сата башташты (сүрөт)

Жаны кашайган ишкерлер өз өнүмдөрүн бекер жеткирип берүүгө да даяр

Кыргыз-казак «Ак-Тилек - Автодорожный» өткөрмө пунктунда мурункудай эле жүк ташыган автолордун тыгыны сакталып турат. Ал арада дыйкандар чыгым тартып жатышат, анткени мөмө-чөмө бат бузулуп, баасы төмөндөйт.

Vesti.kg сайты чек арадагы кырдаалга байланыштуу товарларын Бишкекте ит бекер сатып жаткан ишкерлер менен байланышты.

Жаныбек Шералиев, компаниянын менеджери, дыйкандарга өнөр жай муздаткычтарын алып келип берет. Ал Казакстандын базарынан 60 тонна алма сатууга ниет кылгандыгын айтты.

- Үч жума мурун ушундай алып чыгуунун көйгөйү жаралды, - дейт ал. - Бул биринчи жолу эле болуп жаткан жок.

Кудум айыл чарба продукцияларын сатаар мезгил келгенде чегара жабылат. Эми бааны арзандатып, Бишкекте сатып жатабыз. Интернетке жарыя кылдык.

Дыйкандардын жарыясы фейсбук социалдык тармагында жарыя болгон. Жаны кашайган дыйкандар алманын ар кандай сортторун килограммын 40 сомдон үйүңөргө жеткирип беребиз деп жатышат.

- Ушул убакытка чейин биз 7 тонна сата алдык, - дейт Шералиев. - Бизде дагы 60 тонна алма калды, бул анча деле көп эмес, ошондуктан сатканга жеңил эле. Бирок биздин кесиптештерибиздин 500 тоннадан алмалары бар. Айрыкча картошка эккендер аябай чыгымга учурады. Абдан арзандап кетти.

Бүгүнкү күндө компания Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

- Биз жалаң эле муздаткыч ташыбай, сатканга да жардам кылабыз. Азыр орус тарап менен сүйлөшүп жатабыз, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх