Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет Министрлиги: Мыйзам боюнча партиялар бирдей аталыш менен каттала алышпайт

Мекемедегилер альтернативдүү КСДП документтери аларга келип түшө электигин айтышты

Кечээ альтернативдүү КСДП партиясынын съезди болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында ал кыймылдын лидери болуп Сагынбек Абдрахманов шайланды.
Мурдагы депутат Ыргал Кадыралиеванын Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда, эми ал партия адилет Министрлигинде катталышат да, алдыда болчу парламенттик шайлоодо ат салышат.

Саясий биримдиктин лидери Сагынбек Абдрахманов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде партиянын аталышын өзгөртпөйбүз деп баса белгиледи.
Өз кезегинде адилет Министрлигинин маалымат катчылыгы Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык партиялар бирдей аталыш менен каттала алышпайт деп билдирди.

- Мыйзам боюнча бирдей аталыш менен катталууга болбойт, - деп жооп берди адилет Министрлигиндегилер. - Азыр алардын жаңы партия катары катталаары же кайрадан катталаары белгисиз. Бул эки башка нерсе. Бизге келген документтер кандай өңүттө экендигине жарашга каралат. Документтер бизге келип түшсө белгиленген тартипте карайбыз.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх