Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз патриотторунун лидерлеринин биринен баңги зат жана «бульбулятор» табышты

Бишкек ИИМБ маалыматы боюнча, активист мурда да соттолгон

Бишкек ИИМБ кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүк ароонун алкагында, 2019-жылы жалган курандын жыйырма алтысында кылмыш жана жоруктарды каттоо Бирдиктүү реестрине катталган мыйзамсыз баңги затты алып жүрүү фактысы боюнча, чын курандын экисинен үчүнө караган түнү «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын лидерлеринин бири 1971 жылы туулган А.А. Талас облусунун тургуну, мурда Ысык-Көл облусунун Түп районунун сотунун өкүмү менен КР ЖК 246 беренесинин (Мыйзамсыз баңги заттарды даярдоо, алып жүрүү, сактоо, ташуу жана жөнөтүү) негизинде соттолгон 1978-жылы туулган Ж.Т. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды.

Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдиргендей, А.А. жашаган жерди тинтүү кылганда баңги заттар табылган. Болжолдуу салмагы 35 грамм. Андан сырткары атайын колго жасалган баңги зат чегүүчү аспап «бульбулятор» табылып, экспертизага жиберилген.  

 

Ошону менен эле бирге аталган жарандар Наркологиялык диспансерге канындагы баңгизаттын бардыгын текшерүү үчүн жиберилди.

МСЭС Соттук экспертинин корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн алынып келинген салмагы 6,861 грамм болгон зат гашиш болуп чыкты.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен А.А Бишкек ИИМБ ИВС киргизилди.  

Түшүндүрө кетели, «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылы Бишкектеги «кытайга каршы митингге» катышкан.

 
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх