Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанбай коё тургула. Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алууну кыйындатып салды

Исхак Масалиев мыйзамдолбоорго эмне үчүн каршы чыккандыгын түшүндүрдү. Анын айтымында, кол тийбестикти алып салуу маселесинде кескин өзгөрүүлөр болгон жок

Адегенде экс-президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу мыйзамдолбоордо «экс-президенттин кол тийбестиги» деген түшүнүктөн таптакыр эле баш тартуу сунушталган. Бирок бул документти парламент көптөгөн оңдоолор менен кабыл алышты. Ошол мыйзамдолбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына бул мыйзамга каршы чыккандыгын ушундайча түшүндүрдү.

- Биз кол тийбестик деген нормадан таптакыр баш тарталы дегенбиз, - деп эскертти ал. Былтыр тогуздун айында Конституциялык палата Башмыйзамдын толук чечмелөөсүн кылып жана экс-президент кызматта тургандагы кылган кылмыш иштери үчүн жоопко тартууга боло турган вариантты кабыл алууга парламенттин макулдугун алууну аныктады. Башкача айтканда башпрокурордун макулдугу менен Жогорку Кеңеш аркылуу.
Исхак Абсаматович өзүнүн пикирин өзгөртпөгөндүгүн белгиледи.

- 2006-жылы биз Башмыйзамдан экс-президенттин кол тийбестигин алып салган болчубуз. Ошондо азыркы норма башмыйзамга каршы келип калат, - деди ал.
- Бирок Конституциялык палата адашууга алып келип жана депутаттар ушундай мыйзам кабыл алып жатышат. Ошондуктан мен бул мыйзамга каршы чыкканга аргасыз болдум, бирок мен бул маселе тууралуу оюмду өзгөрткөн жокмун. Чын чынына келгенде депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин күчүнө киргизип беришти.

Ошону менен бирге Масалиев мурдагы мамлекет башчынын кол тийбестигин алып салуу тууралуу мыйзамды кабыл алуу - бир кадам алдыга жылуу экендигин кошумчалады.

- Мен калыстык үчүн айтып коёюн, мындай мыйзамды кабыл алуу - бул жакшы нерсе, - дейт ал.
- Мурда мындай процедуралар таптакыр болчу эмес. Анан да акыркы учурда менин кесиптешим Курманкул Зулушев бул мыйзам 2007-жылдан бери иштеп келатат деген норманы киргизди. Бул да кубандырарлык учур. Анткени менен бул маселеде кескин өзгөрүүлөр болгон жок.
Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңеш үчүн чу окууда мурдагы президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамдолбоорду жактырышты.

Ошентип, мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча жеңилдиктерди президенттин жакын туугандары гана пайдалана алат - аялы же күйөөсү жана жашы жете элек балдары. Президенттин үй бүлөсүнүн жашоосун жана саламаттыгын мамлекет камсыздабайт, ошондой эле алар үчүн акысыз медициналык тейлөө каралган.

Анткени менен экс-президентти Жогорку Кеңеш айыптап жана аны башпрокурор бекемдесе гана кылмыш жообуна тарта алышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх