Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Биз аларга мөөрдү берип койгудай ким экен алар?

Альтернативдүү «социал-демократтар» партиясынын төрагасы Сагынбек Абдрахманов адилет Министрлигине кайра катталуу үчүн документтерди даярдады

Сагынбек Абдрахмановдун жетекчилиги астындагы альтернативдүү КСДП партиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден мөөрдү берүүсүн сурайт.

Абдрахманов маалымат жыйынында тактагандай, ал Атамбаевге тийешелүү кат даярдаган. Андан сырткары, адилет Министрлигине кайра катталуу үчүн документтер даяр болуп калды.

Ал алардын кыймылы КСДП мөөрүн талап кылганга акысы бар деп ырастайт, анткени Атамбаев эми «партиянын лидери турмак, мүчөсү да эмес».

Адилет Министрлиги бизди каттоого милдеттүү, анткени биздин ыйгарым укугубузду чын курандын үчүндө өткөн съезд аныктады, - дейт Абдрахманов. - Эске сала кетейин, съездди саясий саясий кеңештин мүчөлөрү жалган курандын төртүндө чакырышкан. Бизде ал чогулуштун протоколу жана көчүрмөсү бар.

Андан сырткары, эгерде Атамбаев мөөрдү өз эрки менен берүүдөн баш тартса, анда биздин кыймыл аны сот аркылуу алууга ниеттенип жатат.

Ал ортодо КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына Абдрахманов партиянын мөөрүн талап кылууга акысы жок, анткени алардын бирикмеси жана съезди мыйзамсыз, деп айтты.

- Эмнеге биз аларга мөөрдү беришибиз керек экен? - деп аң таң калат Жолдубаева. - Сагынбек Абдрахманов деген ким экен биз ага мөөрдү берип койгудай? Алардын партиясы жалган жана алардын съезди да жалган.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх