Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Колхоздон кеткени менен колхоз анын башынан кетпептир». Атамбаев Жээнбековдун орусча начар сүйлөгөндүгүн шакаба кылды

Анткени менен мурдагы атка минерлер экс-президент өзүнүн маданиятсыздыгын көрсөттү деп эсептешет. Алардын пикиринче Атамбаевдин деңгээли райондук акимдин орун басарынын деңгээлине жетпейт

Кечээ «Апрель» телеканалынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чогулган элге карап мамлекет башчынын сөзүндөгү каталарды айтып жаткан видеосу таркады. Тактап айтканда, мурдагы президент орусиялык теленин эфиринен Сооронбай Жээнбековдун «сушительный вопрос» деген сөзүн эске салды.

Ошону менен бирге Атамбаев өткөн альтернативдүү КСДП партиянын съездинде баннердеги эки орфографиялык атаны эстеди. Экс-президен ушул нерселерди мыскылдап жатып, мамлекет башчынын орус тил мугалими экендигин эске сала кетти. Андан соң ал Кыргызстанда президенттик башкаруу болуп жаткандыгын белгилеп кетти.

«Баары бир адамдан көз каранды болуп атса… Көрсө мал аласы тышында, киши аласы ичинде турбайбы. Колхоздун башкармасы колхоздон кетсе да, колхоз анын башынан кетпептир. Колхоздогу койду уурдап, элди алдаган булар, дагы да алдай беришет. Ошондуктан бизде парламенттик башкаруу болушу керек», - деди Атамбаев.

- Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык башкаруусунда бизге өзүнүн маданиятын аябай көрсөттү, - деп белгиледи Vesti.kg сайтына экс-вице-премьер Мира Джангарачева. - Биз баарыбыз анан саясатчыларга жана мамлекет башчыга болгон тантык сөздөрүнө күбө болду. Керек болсо өзүнүн башында балаык кездеги нерселери калып калыптыр: мээримге канбагандыгы жана ызакорлугу.
Атамбаев бул сөздөрдү айтаардан мурда шайлоо алдында Жээнбеков тууралуу баарыбызга айткан мыкты башкаруучу жана мамлекеттик кызматкер деген сөздөрү тууралуу ойлонушу керек болчу. Биз ага ишенип жаңы президентке добуш берген болчубуз да.
Ошону менен бирге ал азыркы өлкө башчынын жүрүш турушуна оң баа берет.

- Менин Сооронбай Жээнбековго карата эч кандай кинем жок, өз убагында Атамбаев оройлугу, жаман жүрүш турушу, өзүн кармай албагандыгы жана адепсиздиги менен элдин көңүлүн калтырган, - деп баса белгиледи Жангарачева. - Арийне, мыйзамдуу президентти сынга алуудан мурда ал өзүн карап көрүшү керек.Биз мыйзамды сыйлагандыгыбыз үчүн ага алты жыл чыдадык. Эми өзүнүн Кой-Ташында жатып эс алсын, мамлекеттин ишине кийлигишпесин. Жэнбеков менен Атамбаевдин асман менен жердей айырмасы бар. Биз Атамбаевди студент кезинен бери билебиз го. Ал ошол кездеги бойдон өзгөрүүсүз калды. Атамбаев премьер-министр болуп иштей алган жок, андан соң президент болуп да жарыткан жок. Эми ал оозун жаап отуруш керек.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов өз кезегинде Атамбаевдин жүрүм туруму андагы маданияттын жоктугунан кабар берээрин белгиледи.

- Бул адамдын кылыктарына көңүл бурууну кереги жок, - деди саясатчы. «Ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу, бирок ошону менен бирге бирөөгө тийишпөө керек» деген сөз бар эмеспи. Атамбаевдин кылык жоругу анын маданиятынын төмөн экендигинен кабар берет. Азыркы президент ага көңүл бурбай туура кылат. Жээнбеков айылдагы мектепте орус тил мугалими болгон. Президентти мыскылдоо, касы бир сөзүн сап кармап алуу, бул маданиятынын жоктугу. Адамдын жеке сапатына өтпөө керек. Мунун партияга да залалы тийет. Атамбаев КСДП көө жаап жатат.

Кудум ушундай эле ойду Vesti.kg сайтына парламенттин мурунку спикери Зайнидин Курманов бөлүштү. Ал Алмазбек Атамбаевдин саясий маданиятынын жоктугун белгиледи.

- Баары саясатчылардын маданиятынан көз каранды, - деди ал. - Кээде иш мушташка чейин жетет. Эгерде саясатчы мырза адам болсо, ал эч качан андай кордогон сөздү айтууга чейин түшпөйт. Мисалга британ саясатчыларын алсак болот, алар парламенттетынч гана сүйлөшүшөт да таркап кетишет. Алар өздөрүн мырза деп аташат жана ошого ылайык өздөрүн алып жүрүшөт. Алардын жеке мамилелдери эч качан жүрүм турумдарына таасирин тийгизбейт. Мисалы, Уинстон Черчилдин айыгышкан атаандашы анын жакын досу болгон. Алар парламентте талашып тартышып, бүткөн соң пиво ичишкен. Менимче, бул саясий мамиленин идеалы. Ушул кордоолор, кемсинтүүлөрдүн баары Атамбаевдин президенттик деңгээлге өсүп жетпегендигинин далили.
Азыр, мурункудай эле, ал өзүнүн маданиятын көрсөтүп жатат. Анын деңгээли райондун акиминин орун басарынын деңгээлине да жетпейт. Ал революция жана төнкөрүштүн аркасы менен гана президенттик кызматка келип калган.


Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх