Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Саляновдун иши боюнча соттолуучуга бийик даражалуу атка минердин көзүн тазалоо сунушталган

Кылган ишинин акысына кылмышын жаап беребиз дешкен

Биринчи май райондук сотунда мурдагы башпрокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун иши боюнча соттук териштирүү болду.

Киши өлтүрүү менен кошо соттолуучуну Ош шаарындагы каракчылыкка да айыптап жатышат. Жабырлануучунун сөзү боюнча, 2017-жылы баш оона айында аны көчөдөн бетине беткап кийип, колуна тапанча кармаган бирөө токтоткон. Бет талаштыра согуп, колун байлап, автомобилдин багажнигине салышкан.

«Эрмек Осмонкулов менен аялымды чачынан алып машинага отургузуп, атып салам деди. Анан бизди талаага алып чыгып сабай башташты. Аялыма акча алып кел деп айтышты. Мен банктык картамда дарыга деп топтогон акча бар деп айттым. Аны алышкан соң, кайрадан сабай башташты. Алар кетип калышкандан кийин мен өзүмдү жана аялымды байлоодон бошоттум. Биз жолдо бараткан машиналарды токтотуп үйгө араң жеттик», - деп айтып берди жабырлануучу.

Жабырлануучу шектүүлөрдүн төртөөнү каракчылык болгондон кийин 16-17 күн дегенде кармагандыгын, бирок топту баштаган башчысына издөө жарыя кылынбагандыгын белгиледи.

Анткени менен биз Эрмек Осмонкуловдун Бишкек шаарында көчүрмө абакта жаза өтөп жаткандыгын тергөөчүгө айткан болчук. Эрмек Осмонкуловго кылмыш иши болгондон 3 айдан ашык убакыт өткөндө гана издөө жарыя кылынган. Аны 27.12.2017 жылкы сурак учурунда Олег Тярт төмөнкү көрсөмөлөрдү берген:

Суроо: Сиз, ага кандайдыр бир бийик даражалуу атка минердин көзүн тазалоо сунушу түшкөндүгү тууралуу, сизге качан айткандыгын эстеп айтып бере аласызбы?
Тярт О.И. жообу: Так убактысын айта албайм, бирок болжол менен 2017-жылы жетинин айынын орто ченинде, ал мага бийик даражалуу атка минердин көзүн тазалоо сунушу ага түшкөндүгүн айткан. Сунуштаган кишилерге ал атка минер жолто болуп жаткандыгын жана ал кылган кызматы үчүн Ош шаарындагы кылган кылмыш иштерин жаап берүүнү убада кылгандыгын айтып берген.

Суроо: «Эрмек» ага ким кайрылгандыгын так айттыбы сизге жана кимдин көзүн канча суммага тазалоо керек болгон?

Тярт О.И. жообу: Жок, «Эрмек» мага кимдин кайрылгандыгы тууралуу айткан жок жана ошону менен бирге кимдин көзүн тазалоо керектигин да айткан жок. Болгону ал мага Ош шаарындагы кылган кылмыштары үчүн кармалган анын төрт шеригине жана ага издөө салынгандыгын, бул маселени чечүү үчүн ал бирөөнүн көзүн тазалоого макулдугун бергендигин айтты, акчанын өлчөмү тууралу эч нерсе айткан жок.

Ош шаарындагы каракчылык иши боюнча жабырлануучу түштүк борбордун ИИБ тергөөчүсү Марат Садыков шектүүлөр кармалаары менен эле Эрмек Осмонкуловго издөө жарыялаган жок. Анткени менен ага жабырлануучулар Эрмек Осмонкуловдун Бишкек шаарында көчүрмө абакта экендигин айтышкан.

Улан Саляновду 2017-жылы жетинин айынын бешинде өз үйүндө өлтүрүп кетишти. Кылмышкерлер эмнегедир анын үйүнөн эч нерсе алган эмес. Эң негизги кылмышкерди ошол эле жылы бештин айынын акырында кармашкан. Калган экөөнү ИИМ кызматкерлери Орусиядан 2018-жылы кармашкан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх