Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«КСДП мүчөсү экстремисттик уюмга катыштыгы бар адам менен дааватка чыккан»

Милициядагылар эмне үчүн 10-бөлүмдүн кызматкерлери Алтынбек Жээнбаевдин үйүнө чейин барышкандыгын түшүндүрүштү

Ош облустук ИИБ кызматкерлери «Ачык саясат плюс» гезитинин өкүлү Алтынбек Жээнбаевге басым көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу ЖМК билдиришет.

Жээнбаев милиционерлердин ага жана анын туугандарына КСДП саясий партиясынын чын курандын алтысында өтө турган съездине катышууга тыюу салып жатышкандарын билдирген.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн аймактын ИИБ маалымат кызматына кайрылганда, алар Алтынбек Жээнбаевдин билдирүүсүн төгүнгө чыгарышты.

- Бул маалымат текшерилген жана иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери чынында эле Алтынбек Жээнбаевдин үйүнө келгендиги белгилүү болду,- деп жооп берди андагылар. - Алар коркутуу максаты менен барышкан эмес, жөн гана алар менен маектешүүгө барышкан. Алтынбек Жээнбаев «Ачык саясат плюс» гезитинин өкүлү экендиги укук коргоо органдарына белгилүү, ал эми динге ишенген киши катары ал дайыма даватка чыгып турат. Милиционерлер Папан кыштагына барып, анын ал жерде катталгандыгын, бирок учурда Тейке деген айылда жашаарын билишти.

Милиция кызматкерлерин Жээнбаевдин аялы тосуп алды жана анын мечитке кеткендигин айтып, биздин күтө турушубузду суранды.

Ал ортодо бегисиз себептен улам ал аял милицияларды чакырып, үйдүн жанында бейтааныш эки эркектин тургандыгын билдирди, - деп түшүндүрдү мекемедегилер. - Милиция кызматкерлери Жээнбаевге жоолугуп, маек курушту жана ага аны менен бирге даватта болгон эки кишинин сүрөтүн көрсөтүштү.
Анткени ал эки киши тыюу салынган уюмдун идеологиясын таркатып жүрүшкөн. Андан ал кишилерди билесиңби жана алардын КСДП съездине барабы деп сурашты. Коопсуздукту камсыздоо максатында ушул чаралар көрүлдү.

Ош облусунун ИИБ Жээнбаев укук коргоочуларга 10-бөлүмдүн милициясы көзөмөлгө алп тургандар менен байма бай сүйлөшүп тургандыгы менен белгилүү болгон (экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш).

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх