Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республика - Ата Журттун» депутатарынан Бабановду аэропорттон тосуп алганы ким барат, ким барбайт?

«Республика Ата-Журт» фракциясынын мүчөлөрү өздөрүнүн мурдагы лидеринин кайсы күнү кайтып келишин бардык эле элдердей интернеттен билишти

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов акыры өзүнүн мекенге качан келээрин так жарыялады. Анткени менен аны аэропорттон тосуп алганы «Республика Ата-Журт» фракциясындагы мурунку кесиптештеринин баары тегиз барбайт.

«Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Аида Исмаилова түшүндүргөндөй, фракцияда бул маселени али талкууга алыша элек.

- Мен ооруп өргүүдөмүн, ошондуктан мага кесиптештерим чалышкан жок, деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Мен жеке өзүм аны тосуп алганы аэропортко барбайм.

«Республика - Ата Журттун» мурдагы лидеринин кайтып келиши тууралуу кабарды Кенжебек Бокоев менен Максат Сабиров кубануу менен кабыл алышты.

- Албетте, тосуп алам, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде Бокоев. - Менин оюмча биздин фракциянын көп депутаттары барса керек. Бизге он үчүндө учуп келээри белгисиз болчу. Биз ардык элдер сыяктуу эле анын келишин интернеттен билдик.

Ушундай эле жоопту Сабировдон да уктук.

- Ооба, мен тосуп алганы барам, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына.

Эске салсак, мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн ишемби күнү Кыргызстанга учуп келээри тууралуу билдирди.

Саясатчыга карата «Улут, раса жана диний кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх