«Ата Мекен» партиясы алдыда боло турган масштабдуу митинг тууралуу Бишкек мэриясына билдирди
Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн тынчтык акциясына «социалисттер» фракциясынын бардык эле мүчөлөрү катыша албайт
Атамекенчилер тынчтык митингине активдүу даярдык көрө башташты, ал быйыл чын курандын жыйырма үчүндө Жогорку соттун алдында өтөт. «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg сайтына билдиргендей, бул иш чара тууралуу шаардын администрациясына билдиришкен.
- Тынчтык митинги тууралуу мыйзамга ылайык, биз өткөрүлө турган акция тууралуу Бишкек мэриясына билдирдик, - деп маалымдады ал. - Мурункудай эле 6 миң кишинин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле бизге көзү түз белгилүү саясатчылар да келишет.
Ошону менен бирге Алмамбет Насырканович фракциянын кээ бир мүчөлөрү акцияга катыша албай калышы мүмкүн экендигин кошумчалады.
- Чакыруу каты барына жиберилет, командировкада же бир башка белгилүү себептер менен башка жакта жүргөндөр митингге катыша албай калышы ыктымал, - деп түшүндүрдү депутат.
- Эске салсак, атамекенчилер Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун боштондугун талап кылып тынчтык митингине чыгууга ниеттенип жатышат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www