Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктардын саясий провокацияга алдырбагандыктарына ыраазы
Президент Жогорку Кеңештин жыйынында элге кайрылды
Кыргызстанда акыркы убактарда коомдун ашкере саясатташып кеткендиги байкалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.
- Кээ бир саясий партиялар коомчулуктун көнүлүн буруу үчүн ар кандай кадамдарга барып жатат. Бирок биздин эл өзүнүн акылмандуулугун көрсөтүп, алар үчүн коомдун тынчтыгы жана биримдиги маанилүү экендигин билдиришти. Эл провокацияга алдырбай тургандыгын далилдеди, - деди мамлекет башчы.
Ошону менен бирге Жээнбеков кылынган иштердин эсепчотун берди. Ал Кыргызстандын башка мамлекеттер менен бир катар келишимдерге кол коюшкандыгын белгиледи, эми өкмөт аны ишке ашырышы керек.
- Мен сиздер менен акыркы жолу жоолугушуп, өлкөнүн келечеги тууралуу ой бөлүшкөндөн бери көп өзгөрүүлөр болду, - деп билдирди президент. - Жогорку Кеңеш, өкмөт жана сот бийлигин аркасы менен бир топ алгылыктуу иштер кылынды.
Жээнбеков Орусия менен сүйлөшүүлөрдө кыргызстандыктардын көптөгөн көйгөйлөрү чечилгендигин баса белгиледи.
- Жакында эле Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик расмий сапары болду, - деп эскертти ал. - Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында көптөгөн келишимдердин пакетине кол коюлду. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен өз ара кызматташтыктын ишеними чыңдалды. Түркия менен көп маселелерде өз ара түшүнүшүүлөр болду. Андан сырткары, Пекинде Си Цзиньпин мырза менен биздин өлкөнүн өз ара кызматташуусун жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм.
Мамлекет башчы Кыргызстан ушул жылы ШКУ төрагалык кыла тургандыгын кошумчалады.
Бишкекте кулжа айында бул уюмдун саммити өтөт, - деп маалымдады ал. - Ошондой эле быйыл биздин төрагалыгыбыз менен ЖККУ жыйыны ордо калаабызда өткөнү турат. Андан сырткары, Кыргызстанга КЭР төрагасынын жана Индиянын премьер-министринин расмий сапары ниеттелип жатат.
Сооронбай Жээнбековдун сөзү боюнча, учурда Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара делимитация болуп жатат.
Президент өз сөзүндө депутаттардын көңүлүн чегараны коргоо жана аскерди чыңдоо маселеси эң маанилүу экендигине бурду.
Ал аскердин материалдык-техникалык камсыз болушу жакшыргандыгына бир катар далилдерди келтирип кетти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www