Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда кылмыштуу топтор саботаж уюштуруп жаткандыгын билдирди
Президент кайсы бир саясий топтун уурулугун жашырам деп убада бербегендигин эскертти
Кыргызстанда идеялардын курөшү болбой эле, лидерликке умтулушкан саясатчылардын күрөшү жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө партиялык системаны жана парламенттик демократияны өнүктүрүү зарыл.
- Биздин коом жаңы саясий маданиятты курууга бышып жетилди, - деди президент. - Биздин мамлекет жеке таарынычтардын эмес, чыныгы демократиянын өлкөсү болооруна ишенем жана өлкөнү өнүктүрүү идеясы боюнча күрөш болот.
Мамлекет башчынын Кыргызстанда коррупциялашкан адамдар тарабынан саботаж болуп жаткандыгына көзү жетип турат.
- Кылмыштуу топтордун уюшуп алып жасаган коррупциялык иштери мамлекетке эбегейсиз зыян кылды, - дейт Жээнбеков. - Алар мамлекетти оңбогондой карызга батырган уурулугун жашыруу үчүн жалган маалымат таратып, элдин башын айлантып жатышат.
Президент бардык маселелер мыйзамдын чегинде гана чечиле тургандыгын ырастады.
- Мамлекетте уурунун түшүнүгү эмес мыйзам өкүм сүрүшү керек, - деп баса белгиледи ал. - Мен эл ишенип шайлаган президент катары бардык тажрыйбамды жана мүмкүнчүлүктөрүмдү жарандардын турмушун жакшыртууга, өлкөдөгү кырдаалды оңдоого жумшайм. Менин мындан башка оюм да максатым да жок.
Жээнбеков элдик президент болом деп убада бергендигин эске салды.
- Мен бир ууч топко кызмат кылып, алардын уурулугун жаап жашырам деп убада берген эмесмин, - деп билдирди мамлекет башчы. - Менин саясаттын айдыңындагы 25 жылдык иш аракетимде бир да кара так жок. Эч кандай ушак сөз мага жармашпайт.
Президент Жогорку Кеңештеги сөзүнүн аягын «Биздин Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун» деген сөз менен бүтүрдү.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www