Исхак Масалиев: Жогорку Кеңештин бурч бурчунда коалициянын талкаланышы тууралуу кеп кылышат, бирок ачык айта алышпайт
Депутат бул маселени жөн койбостугун жана жаңы альянстын түзүлүшүнө жетише тургандыгын белгиледи
Жогорку Кеңеште жаңы коалициялык көпчүлүктүн түзүлүшүн каалаган депутаттар бар, бирок бул тууралуу ачык айтышпайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев айтып берди.
- Тар чөйрөдө бул тема талкууга алынып жатат, бирок эч кимиси ачык оюн айтпайт, - деп белгиледи ал. - Кечээ мен өзүмдүн спикерге жазган катыма жооп алдым. Чындыгында мага жогорку Кеңештин аппаратынын башчысы жооп берди. Документте азыркы коалицияга кайсы бир фракцияны киргизүүгө тыюу салган норманын жоктугу көрсөтүлгөн.
Исхак Абсаматович жаңы коалиция түзүү тууралуу оюнан кайтпай тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак. мурда Масалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КСДП фракциясы жок жаңы альянс түзүү керектигин айткан болчу. Ал өз демилгесин оппозициялык партиянын фракциясы коалицияга кире албастыгы менен түшүндүргөн. Ошону менен бирге Масалиев мурда «Республика - Ата Журт» фракциясы белгиленген норманы бузуу менен башкаруучу көпчүлүккө кирип калгандыгын айтты.
Вероника Малышева
Сүрөт www