Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабанов учуп келээри менен Бишкектин эски аянтына барат

Ушундай болоорун «Республика» партиясы билдирип жатат. Саясатчыны салтанаттуу тосуп алуу Кыргызстандын төрт шаарында өтмөкчү

«Республика» партиясы Кыргызстандыктарды Бабанов менен «Биримдик, адилеттик жана өнүгүү» деген чакырыктардын алдында тосуп алууну уюштурат.
Жөнөтүлгөн кайрылуу төмөнкүчө:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар! «Республика» партиясы жана көптөгөн элдер мурдагы президенттикке талапкер, коомдук саясий ишмер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келишин күтүп жатышат. Кыргызстандыктар Өмүрбек Бабановду билишет, ал реформатор жана жаратуучу. Ал саясий амбицияга караганда элдин тынчтыгын, биримдигин жана турмушун алдыга койгон адам.

Өмүрбек Бабановду көптөгөн мекендештери «Манас» аэропортунан тосуп алууга чогулуп жатышат. Анча элдин баары аэропортко батпагандыгына байланыштуу, биз Бабановдун келишин Бишкектеги эски аянтка биримдик, адилеттик жана өнүгүү деген чакырыктын алдында тосуп алууну уюштурууну чечтик. Биз Бабановдун өзүнөн да келип түшөөрү менен мекендештерине жоолугууну сурандык.

Бардык тарапташтарды, саясатчыларды жана коомдук ишмерлер менен депутаттарды, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн Бабановду Бишкектин эски аянтында 2019-жылы чын курандын он үчүндө саат 14:00 тосуп алууга чакырабыз.

Салтанаттуу жоолугушуу «Биримдик, адилеттик жана өнүгүү» чакырыгынын астында өтмөкчү. Ал салтанат 2019-жылы чын курандын он үчүндө саат 14:00 Кыргызстандын төрт шаарында жана аймактарында түз берүү менен камсыз болот: »

Бишкек шаары, Эски аянт Өкмөт үйүнүн бет маңдайы
Талас шаары, облустук администрациянын алдындагы аянтта
3. Нарын шаары, обладминистрациянын алдындагы аянтта

4. Каракол шаары, К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин алдындагы аянтта

Көңүл бурууңуздарды суранабыз, Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына жана тынчтык чогулушу тууралуу мыйзамга ылайык, бул чогулуш тууралуу билдирүү жергиликтүү бийликтерге катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында берилди. Учурда тарапташтардын жоолугушууну Кыргызстандын башка шаарларында да өткөрүү сунуштарын иштеп чыгып жатабыз

«Республика» партиясы
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх