Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адамкул Жунусовго карата дагы бир кылмыш иши козголду

Бажынын мурдагы башчысынын иши боюнча сот процессин чын курандын он жетисине жылдырышты

Кечээ Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовдун иши боюнча процесс башталмак. Бирок аны чын курандын он жетисине жылдырып коюшту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ордо калаанын Октябрь райондук соту билдирди.

- Адамкул Жунусовдун иши боюнча уктурууну чын курандын он жетисине жылдырып коюшту, - деп айтышты андагылар. - МБК башчысына дагы бир кылмыш иши козголду. Иштерди бириктиришти. Ушуга байланыштуу процессти жылдырышты. Жунусовдун бөгөт коюу чарасы мурунку бойдон калат.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты МБК башчысы Адамкул Жунусовдун иши боюнча иликтөө иштери бүткөндүгүн жазган эле.

Кыргыз Республикасынын МБК мурдагы төрагасына 2018-жылы баш оона айында издөө жарыяланган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304 беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон. Каржы полициясы Жунусов МБК башчысы болуп турганда «А» ЖЧК жана бажы кызматындагы кызматкерлер менен туруктуу коррупциялык схема түзгөн деп билдиришти. Келтирилген зыяндыне суммасы 167 миллион сомдон ашыкка бааланды. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып кетип АКШ бекинип жургөн. Ал бештин айынын бешинде Бакуга учуп келген. МБК мурдагы төрагасы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кармалды.

Адамкул Жунусов Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2013-2016 жылдары башкарган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх