«Биздин аскерлер мынчалык көп сандагы офицерлерге муктаж эмес»
Аскердик эксперт Токтогул Какчекеев лейтенанттарды бир айлык курста даярдыктан өткөрүү пайдасыз деп эсептейт
Мобилизациялык резервди топтоо - өткөндүн калдыгы. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына эксперт, эс алуудагы полковник Токтогул Какчекеев билдирди.
Анын айтымында, мурун аскердик адистиктин окуусун жогорку окуу жайларда окутуу бир гана Бишкекте бар болчу. Аймактардын облустук борборлору кафедралар бизде да ачылышы керек деп туруп алышты. Бирок тарых тастыктагандай, берилген билимдин деңгээли төмөн, ал эми коррупция өтө жогору болуп кетти.
- Университеттердеги жана институттардагы студенттер үчүн мобилизациялык резервдин пайда болушу убакыттын өтүшү менен өзүн өзү актады, - деп түшүндүрөт эксперт. - Бирок өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал азыр кереги жок. Ага бирден бир кызыкдар болгон адамдар, булар чиновниктер. Алар ал жакка балдарын жиберишет да, лейтенант наамын алышат. Анткени азыр мамлекеттик кызматка аскердик билетсиз албайт эмеспи.
Ошону менен бирге Какчекеев кыргыз армиясы лейтананттарга мурду бүтпөгөндүгүн белгилей кетти. Офицерлерди даярдоо менен Куралдуу күчтөрдүн Үсөнбеков атындагы аскердик институту алектенет. Андан сырткары, Орусия Федерациясы аскердик адистиктерди алуу боюнча практикалык окуудан жардам берип турат.
- Бул лейтенанттарга ишенген күндө деле мобилизация учурунда аларды кайрадан окутууга туура келет, - деп баса белгиледи ал. - Биздин аскердин кесипкөй деген макамга жакындашы менен мындай кайра даярдоолорго кеткен чыгымдын мааниси жок болуп калат.
Бакыт Чермашев
Сүрөт www