Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи май районунун акими: Бабановдун тарапташтары эски аянтка чогула алышпайт

Райондун администрациясы ал жердин башка акция үчүн даярдалып жаткандыгын билдирет

Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкектин эски аянтында аны колдоп тынчтык митингине чыга алышпайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, учурда Биринчи май райондук сотунда ушул маселенин алкагында процесс өтүп жатат.

- Жергиликтүу бийликтин кандай чечими болбосун анын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү соттун кароосуна муктаж, - деп түшүндүрдү Султанов. - Анткени ошол күнгө эски аянтка саламаттык сактоо Министрлигинин иш чарасы ниеттелип жатат.Алар бул иш чарасын жалган курандын жыйырма жетисинде эле билдиришкен болчу, биз бир күндө эки акция өткөрүүгө уруксат бере албайбыз да.

Администрация башчылыгы Бабановдун тарапкерлерин Горький атындагы сейил багына чогулууну сунуштагандыгын кошумчалады.

Эске салсак, мурда «Республика» партиясы кыргызстындыктар Өмүрбек Бабановду «Биримдик, адилеттүүлүк жана өнүгүү» деген чакырык астында тосуп алуу тууралуу маалыматты таркаткан.

Иш чараны Бишкекте, Таласта, Нарында жана Караколдо өткөрүү ниеттелип жатат.

Митинг ордо калаанын эски аянтында 10 миң адамдын катышуусу менен өтөөрү билдирилген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх