Жогорку Кеңештин коррупциялашкан депутаттарынын тизмесин мурдагы башпрокурор чын курандын жыйырма жетисинде угузууга убада берет
Азимбек Бекназаров мындай саясатчыларга карата маалыматтарды кайсы булактардан алгандыгын түшүндүрүп берди
Мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештеги коррупционер депутаттардын аттарын угузууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
- Мен 2005-жылы революциядан кийин беш ай башпрокурор болуп турдум, - деп эскертет Vesti.kg сайтына Бекназаров. - Менде көп маалыматтар бар. 2010-жылкы экинчи революциядан кийин мен төрт ай тергөө жана сот органдарына куратор болуп турдум. Ошол мезгилдеги алынган фактылар эми ачыкталды. Ошону менен бирге мен «Кыргызстандын эгемендик доорундагы коррупция» деген китеп жаздым. Мен ал китепти ошондо эле Атамбаевге жана Жогорку Кеңешке бергенмин.
Ал жерде кимдин эмне менен алектенгендиги, фамилиясынан бери жана республикага кандай зыян алып келгендиги жазылган. Алар мен кызматтан алынган соң кетишти. Бул материалдар боюнча кылмыш ишин козгошту. Ушул фактыларга таянып коррупционерлердин тизмеси түзүлгөн.
Бирок азырынча Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасындагы атка минердин канчасы анын тизмесине киргендигин айтуудан баш тартып жатат.
- Андан сырткары, 2013-жылы мен аларды Атамбаевге бергенмин жана аларды кылмыш жообуна тартууну өтүнгөм, - деп улантат Бекназаров. - Атамбаев мени өзүнө душман кылып алды. Азыр эми Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү жарыя кылып жаткан соң, биз анын ишине салым кошолу деп чечтик. Чын курандын жыйырма жетисиндеги курултайда силер Жогорку Кеңештеги коррупционер депутаттардын аттарын угасыңар. Ал тизмеге кирген фамилияларды мен азырынча угуза албайм.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www