Кенжебек Бокоев Таластагы Бабановдун тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө болгон каршылык тууралу «Бизди коркуталы деп атышат», деп айтты
«Республика» партиясына эки шаарда чогулуш кылууга тыюу салышты. Алар соттун чечимине арызданышат
Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына Бишкектеги эски аянтта митинг кылууга тыюу салышты. Биринчи май райондук сотунун бул тууралуу чечимин «Республика» партиясынын катчылыгы Vesti.kg сайтына билдирди.
- Биз бул чечимге арызданып, өз максатыбызга жетүүнү көздөйбүз, - деп комментарий беришти андагылар. - Юристтер менен керектүү документтерди даярдап, арыз беребиз.
Мурда ордо калаабыздын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов Vesti.kg сайтына ошол күну эски аянтта саламаттык сактоо Министрлиги иш чара өткөрүүнү көздөп жаткандыгын түшүндүргөн болчу. Ошондуктан «республикачылар» эски аянтта өз лидерин тосуп ала алышпайт.
Ал арада партиянын мүчөлөрү Талас шаарынын администрациясы тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган документтин сүрөтүн социалдык тармакка жайылтышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Vesti.kg сайтына Таласта сот отурумун күтүп жаткандыгын билдирди.
- Би Таласка бир канча мурун билдирүү жөнөткөнбүз, - дейт эл өкүлү. - Шаардын администрациясы документти колдоп жана бүгүн саат 14:00 сот отурумун дайындаган. Бабановдун келишине болсо бир күн калды. Мындай нерсе биринчи жолу борлуп жатат.
Акаевдин, Бакиевдин учурунда бардык митингдер, иш чаралар Таласта обладминистрациянын аянтында өтчү. Ал жерде башка жер жок өткөргөнгө. Азыр, сот органдарын бетине кармап, биздге тынч митинг өткөргөнгө тыюу салганы турушат.
Талас шаарынын администрациясы Бишкектегидей эле шылтоону айтып жатышат.
- Алар аянтка жакын жерде эмкана, музыкалык окуу жайынын бардыгын айтып жатышат, бирок биз митигди ишемби күнү өткөрөбүз да. - деп нааразы болот Бокоев. - Алар иш чара өткөрүшөт экен, мотоциклдерди тапшыруу аземи болот экен. Бирок аны саат ондон он бирге чейин өткөрсө болот. Ал эми биз болсо, саат 14:00 баштамакпыз. Бул менин оюмча атайылап эле биздин сунуштан баш тартуунун шылтоосу болуп жатат.
Эл өкүлү Бабановдун тууганына козголгон кылмыш ишин да «Республика» партиясы саясий кысым катаары бааларын кошумчалады.
- Биз саясий куугунтукка кабылган партиянын лидерин тосуп алгыбыз келет, - деп белгиледи ал. - Мнуну баары мурдагы бийликтин колунан келген иш болчу. Азыркы бийликке дооматыбыз жок. Биз бир жарым жылдан бери үндөөнүбүз жок, эми да үндөбөйбүз. Бабановдун кайтаар мезгилинде экономикалык мүнөздөгү кылмыш ишинин козголушун, биз саясий басым катары баалайбыз. Бизди коркуткусу келип жатат. Бул бүгүнкү бийликтин чоң катачылыгы.
Ошону менен бирге Бокоев бул нерселер Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине жолто боло албайт деп ишенет.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www