Кыргыз Республикасынын кесиптик бирикмеси депутаттардын демилгесине каршы акцияга чыгышы мүмкүн
«Эл өкүлдөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетишти»
Депутаттар Кыргызстандын кесиптик бирикме Федерациясынын кеңешисиз кесиптик бирикме тууралуу мыйзам демилгешеип өз ыйгарым укуктарынын чыгып кетишти. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Тоо-кен кесиптик бирикмесинин Борбордук комитенинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.
- Бир нече жыл мурун кесиптик бирикме Федерациясы өзүнүн ишмердүүлүгүнө тийешелүү мыйзамга оңдоо киргизүүнү сунуштаган болчу, - деп белгиледи ал. - Бирок кесиптик бирикме Федерациясынын мыйзам демилгелөөгө укугу болбогондуктан, биз өз каалообузду Дастан Бекешевге тапшырган элек, анткени ал парламенттеги тийешелүү комитеттин төрагасы болчу. Азыркы учурда ал маселе чечилген эмес. Кийинчерээк вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул мыйзамга түзөтүү киргизүү менен алектене турган жумушчу топ түзүүнү тапшырган болчу. Анткени менен бул жумушчу топтун эң негизги кызматы кесиптик бирикме менен кеңешүү болчу.
Тажибаев кесиптик бирикме деген өз ыктыяры бар, көз карандысыз ишкана экендигин кошумчалады. Ошондуктан депутаттардын кесиптик бирикмеден кеңеш албай туруп мыйзам демилгелеши, бул кеиптик бирикменин ички ишине кийлигишүу болуп саналат.
- Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына кол койгон, анда Эмгек кодексине тийешелүү мыйзам кабыл алаарда аны үч тараптуу форматта талкууга алуу керек деп көрсөтүлгөн: «Өкмөт - кесиптик бирикме - жумушчулар», деп түшүндүрдү ал. - Бирок депутаттар бул жолу ал келишимге караган жок. Мен бул мыйзамды биздин ыйгарым укугубузду кеңейтүү үчүн коомдук талкууга алып чыгып жатышканынан күмөнүм бар. Ошондуктан мен баары тескерисинче болуп жатат деп ойлойм. Биз бул документти окуп чыгып, пикирибизди анан айтабыз. Коомдук нааразычылык акциясы болушу да мүмкүн.
Түшүндүрө кетели, депутаттардын тобу «Кыргыз Республикасынын кесиптик бирикмеси тууралуу» мыйзам долбоорду коомчулуктун талкуусуна койду.
Негиздөөчү тактамада жаңы мыйзамды кабыл алууга кесиптик бирикмедеги бирдиктүү саясаттын жоктугу себеп болгондугу айтылат.
«Көйгөйдүн башкы себеби жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы социалдык диалогдун жоктугу. Пайдалуу социалдык диалогдор коомдун да, ишкананын да социалдык климатына байкалаарлык деңгээлде таасирин тийгизет».
Вероника Малышева
Сүрөт www