Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов элдердин оозун жабыш үчүн шаарда диктатура орнотууну сунуш кылды

Укук коргоочулар Бишкектин мэринин митингге мораторий киргизүү сунушуна нааразы болушту

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун митинг жана тынчтык чогулушуна киргизилген мораторий мурдагы шаарбашчылардын адашкан кадамдарынын бири. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

- Биз жалган курандын сегизинде жүрүшкө макулдугун бергенде эми мэрге тунган экенбиз деп ойлодук, - деп белгиледи Рита Карасартова. - Бирок ал митингдерге каршы мораторий сунушун билдиргенден кийин, анын кадимки эле калыпка салынган атка минер экендигин билдик. Мэр эски жол менен кетти, бирок ал мыйзамсыз жол.

Рита Рахмановна Бишкек мэриясы жөнү жок эле кырдаалды курчутуп жаткандыгын жана бул нерсе жакшылыкка алып келбестигин кошумчалады.

- Эгерде элдер соттон адилеттик таппаса, аларга көчөгө чыгуудан башка айла калбайт да, - деди ал. - Бул биздин укугубуз. Мындай нерсени Суракматов тыя албайт. Эгерде ал элдин кыжырына тийем деп жаткан болсо ушундай ишин уланта берсин.

Өз кезегинде дагы бир укук коргоочу Калича Умуралиева муниципалитеттин бул сунушуна нааразы болот.

- Биздин митинг кылганга конституциялык укугубуз бар, эгерде мэрия же өкмөт ишарат кылса биз митинг кылабыз, - деп ырастады ал. - Бирок биз муну шылтоо клып бийликти басып алабыз деген оюбуз жок. Эгерде бийлик бизди мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратам десе, анда адегенде Башмыйзамды өзгөртсүн. Анда «Бизде укуктук мамлекет эмес, бизде диктатура. Оозуңду жап», деп жазсын. Биз ошондо гана үндөбөй калабыз.

Түшүндүрө кетели, Бишкек мэри Азиз Суракматов саясий жана коомдук кыймылдарга 2020-жылга чейин митигдерге мораторий киргизүү сунушу менен кайрылды.

Төмөндө анын кайрылуусунун текстин беребиз:

«Акыркы убактарда 2019-жылдын башынан бери эле Бишкек шаарынын мэриясына митиг, чогулуш өткөрүү тууралуу 19 билдирүү келип түштү. Мындай иш чаралар биздин шаардыктарды, бизнести жана туристтерди чочутат.

Дем алыш кундөрү шаардыктар үй бүлөлөрү менен гүлзарларда, сейил бактарда, Эски аянтта, Ала-Тоо аянтында эс алып жүргөн учурда Бишкек мэриясы элдердин кыймылын чектеп, митинг болгон жердин коопсуздугун сакташы керек болот.

Ар бир митинг болгон сайын шаар кызматы тонналаган таштандыларды, пластикалык бөтөлкөлөрдү, стакандарды жана табактарды тазалайт. Акциянын катышуучулары таш жолдорду омкоруп, гүлдөрдү тебелеп, отургучтарды, чырактарды жана таштанды салган урналарды сындырышат. Ал эми «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери аянтты жана бир таман жолдорду жуушат.

Андай акциялардын максатына жетпеши турган сөз, ошондуктан өнүккөн мамлекеттерде аны укуктук талаада чечишет. Биз көчө митингдери кырдаалды курчутуп жиберишинен сарсанаа болобуз. Алар инвесторлорду коркутуп, үчүнчү күчтөрдүн провокациясына жол ачат.
Өз көз караштарын минтип билдирүү башаламандыкка жол ачып шаардыктардын тирилигин бузат. Өлкөнүн бюджетинен аларга деп берилген ченелүү каражат ошол жакка да кетип калат.

Бишкек мэриясы бардык шаардыктарды митингге каршы болууга үндөйт! Биз диалог жана сүйлөшүүлөр үчүн залдарды даярдоого күчтүн жетишинче аракет кылабыз. Мындай маселелерди тегерек үстөл үстүндө чечүүчү учур келип жетти. Өсүп өнүгүү жолуна түшөлү!

Бишкек шаарынын мериясы бардык коомдук жана саясий бирикмелерге акыл эсти токтотуп, 2020-жылга чейин ордо калаада саясий митингдерди өткөрүүгө мораторий жарыялоону сунуш кылды.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болот. Биз өлкөнүн бардык прогрессивдүү күчтөрүн өнүккөн жана атаандаштык күрөштүн программасына жана концепциясына үндөйбүз.

Биз баарыбыз өнүккөн жана укуктук мамлекетке багыт алышыбыз абзел! Келечектеги жаңы парламент саясий жанан укуктук маданияттын бийик үлгүсү болсун, ал эми биз болсо Бишкекти жана Кыргызстаныбызды сактайлы!».

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх