Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун жактоочусу: Бул кордук эмей эле «акмакчылык»! Соттор аны өлтүргөнү жатат

Катуу оорулуу генералдын жактоочусу сот кызматкерлерин бычынсыз коркоктор деп атады. Процессти дагы жылдырышты

Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу иштин процесси дагы жылдырылды. Камактагы генералдын жактоочусу Тимур Карабаев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде соттордун иш аракетин «акмакчылык» деп атады.
- Мурат Суталиновдун ден соолугу тууралуу азырынча кабарым жок, - деди юрист. - Анын аялы азыр ооруканада. Ал кийинчерээк бул тууралуу кабар кылат. Процессти бугу айынын жетисине жылдырышты. Эми муну кордук деп атоого да болбой калды. Бул акмакчылык. Мурат Абдыбекович ооруп жаткандыгына байланыштуу процесске келе албастыгын конвой ЖАМК бардык өкүлдөрүнө айтты. Менимче жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери сотко деле жетишкен жок окшойт. Процессте Суталиновдун катышуу маселеси маанилүү деле эмес болчу, анткени мыйзамдын нормасы боюнча ал сотко катышпай койсо да боло бермек. Ошондой эле жаза аткаруу кызматкерлери да катышпай коё алышмак. Эгерде биз ишти биринчи инстанцияда каратып жатсак, анда ЖАМК кызматкерлери сөзсүз катышышы керек болчу. Анткени ошолордун сунушу менен камактагы адам бошотулганы жатат да. Ал эми аппеляцияда бул маселе соттун гана кароосуна коюлат. Биз ЖАМК кызматкерлеринин катышуусуна макул болдук.

Жактоочу белгилеп кеткендей, соттордун процессти жарым саатка гана жылдырышка укуктары бар болчу.

- Биз процессти 30 мүнөткө гана жылдыра турууну өтүндүк, - деп улады Карабаев. - Процесс ансыз болбойт деп жаткан күбө келди. Алар процессти 30 мүнөткө жылдырып турууга бардык негиздер бар болчу. Бул залда башка процесстер деле жок болчу. Алар Суталиновдун жоктугуна шылтоолоп процессти жылдырып салышты, анын кесепетинен Суталиновдун ден соолугу дагы начарлады. Биз муну аларга айттык. Бирок алар бизди угуп туруп атайылап жасап жатышкан сыяктуу. Алардын оюнда эмне бар экендигин мен билбейм. Муну кантип акмакчылык деп атай албайсың? Менимче, мындай кишилер соттун чепкенин кийип жүрүүгө татыксыз.

Ошону менен бирге соттор Мурат Суталиновду өлтүрөлү деп жатышкандыгын боолголойт.

- Эртеби же кечпи алар баары бир кылган иштерине жооп беришет, - деп нааразы болот жактоочу. Эгерде Мурат Суталинов соттук териштирүү бүткүчө өлүп кала турган болсо, анда бардык күнөө соттордун мойнунда болот. Эгерде алар мыйзам чегинде иш алып барышса биз мынчалык айгай салбайт элек. Биз азыр бул системада кандай башаламандык болуп жаткандыгын билебиз. Бизде адам укугунун корголушу мына ушундай. Соттор процесске келген адамдарга ушундай мамиле кылышат. Алар эч кимди сыйлашпайт. Ошонун арасында өздөрүн да сыйлабайт. Алардын кадыр баркы иттин арткы шыйрагына да тең келбей калды. Адамды кыйноо тартуусун түшүнүү деген түшүнүк болушу керек эле. Мурат Суталиновдун апасынын аны өлтүргөнү жатышат дегенине макул болом. Сот сөрөйлөр ойлорунда бул ишти кароодон ушинтип кутулуп кетебиз деп жатышат. Мыйзамдуу чечим чыгаруудан корккон бычынсыз соттор булар.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх