Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК төрагасынын жаңы орун басары тууралуу чекисттер эмне дешет?

Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы борборунун директоруна үй бүлөсү тууралуу унутууну сунуш кылышты

УКМК төрагасынын жаңы орун басары, Терроризмге каршы борбордун директору Мирлан Тургунбековго үй бүлөсү жана эс алуу тууралуу унутууну сунушташты. Бул тууралуу Терроризмге каршы борборунун мурдагы башчысы Марат Иманкулов билдирди.

- Абалы боюнча борбордун директору УКМК биринчи төрагасына барабар болушу керек эле, - деп эске салды генерал Иманкулов. - Бул кызматкер менин эсимде жок экен, мен ага ийгилик жана сабырдуу болушту каалайм. Улуттун коопсуздугу жана жылгалчылыгы үчүн иштесин. Жумуш оор, көп убакытты талап кылат. Ар кандай жыргалчылыктан баш тартып, үй бүлө дегенди унутууга туура келет.

Марат Муканович УКМК Терроризмге каршы борборунун башчысынын ишинин маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилеп өттү.

- Терроризм менен күрөшүү - бул дүйнөлүк масштабдагы көйгөй, - деди улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы.

- Биздин өлкө үчүн бул өтө маанилүү, анткени Афганистандын түндүгүндө акыбал чыңалып баратат. Бул түздөн түз бизге болгон коркунуч деп эсептейм жана биз тыюу салынган уюмдар менен боло турган кагылышууга даяр турушубуз керек.

Өз кезегинде УКМК «Альфа» бөлүкчөсүнүн мурдагы командири Алмаз Жолдошалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Мирлан Тургунбековду кесипкөй катары сыпаттады.

- Мен жеке өзүм аны менен бирге кызмат өтөгөнүм жок, бирок мындай кызматтарга татыксыздарды дайындабайт, - деди ал. - Кесипкөйчүлүк жагынан анын бир кыйла жогорку деңгээлде тураарын билем. Бул кызмат өнүгүп жатат, бирок анын келиши менен бул бөлүкчө дагы жаңы баскычка көтөрүлөт деп ишенем.

Эске салсак, бүгүн Мирлан Тургунбековдун УКМК төрагасынын орун басары - Терроризмге каршы борбордун директору болуп дайындалгандыгы белгилүү болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх