Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийлик Текебаевдин тарапташтарына 6 миң киши катыша турган митинг уюштурууга макулдугун берди

«Атамекенчилер» алардын иш чарасына үчүнчү күчтөр жана провокаторлордун кийлигишүүсүнөн коркпойт

Бишкек мэриясы «Ата Мекен» саясий партиясынын 6 миң киши катыша турган митинг өткөрүүсүнө макулдук берди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Атамекенчилердин» айтымында камактагы мурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду колдоо акциясына үчүнчү күчтөр кийлигишпейт.

- Мен бул нерседен үчүнчү күчтөр пайдаланып, башаламандык болуп кетет деп ойлобойм, - деди ал. - Мен биздин кадимкидей тынч иш чара өткөрүшүбүзгө ишенем. Антип дайыма эле кайдагы бир күчтөр тууралуу айта бергенден көрө, келгиле Башмыйзамдан митинг өткөрүү укугун алып салалы. Бирок андай болбойт да.

Депутат тынчтык митинги бийликке коомдогу көгөйдү жарандардын жеткиришине мүмкүнчүлүк берээрин эске салды.
- Жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун колдонушу керек, - деп баса белгиледи Шыкмаматов. - Эгерде биз митингдин кереги жок дей турган болсок, анда бийликке кыянаттык кылган болобуз. Анткени митингдин аркасы менен өлкөнүн жетекчиси эл менен байланышат. Ушул аянтчада элдер өздөрүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып көйгөйлөрүн айтышат.
Бизде жарандардын чогулушун эмнегедир жол тосуу жана башаламандык деп түшүнө беришет. Чындыгында биз нааразычылык акциясын маданияттуу түрдө өткөрүүгө өтүшүбүз зарыл. Башкача айтканда 10-15 миң киши топтоонун зарылчылыгы жок. Керек болсо төрт адам чыгып да өз көз караштарын билдире берсе болот, анткени митинг деген - бул демократиянын бирден бир аспабы, ал сөз эркиндигинен турат.

Сөзүнүн аягында Алмамбет Насырканович чын курандын жыйырма үчүндө Текебаев менен Жапаровду колдогон митинг саат 9:00 башталаарын кошумчалады.

- Садыр Жапаровдун иши боюнча сот отуруму саат 9:00 дайындалган, ал эми Өмүрбек Текебаевдики болсо саат 16:00, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетели, чын курандын он үчүндө мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Ала-Тоо эски аянтында анын мекенге келишин тосуп алуу үчүн митинг кылууну көздөшкөн.

Ордо калаанын мэриясы «Республика» партиясынын мүчөлөрүнө Горький атындагы сейил бакта иш чара өткөрө берүүнү сунуш кылышты. Ал эми эски аянтта ошол күнү Эл аралык ден соолук күнүнө арналган акция болоорун айтышкан.

Бирок эң чечүүчү учур келгенде Бабанов «республикачылардын» митингинен үчүнчү күчтөр пайдаланып башаламандык уюштурганы жатат деп ага билдиришкендигин айтты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх