Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апрель ыңкылабынын баатыры Бабанов тууралуу: Бир гана коркок кишинин көзүнө «үчүнчү күчтөр» көрүнөт

Мурдагы президенттикке талапкердин мекенине кайтпай коюшу «Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» деген сөздү эске салды

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүдөн баш тартышы анын саясий оюнда жеңилгендигин ырастады. Өткөн жумада болгон окуя тууралуу мындай деген пикирин Апрель ыңкалыбынын Баатыры Расул Үмбөталиев билдирди.

Кыскасы, ушундай болоору мурда эле белгилүү болчу, дейт ал.

«Уюштуруучулардын башкы максаты Бабановдун кайтып келүүсүн шылтоолоп республиканын борборунда жана түндүк облустарында ири масштабдагы митингдерди өткөрүү болчу, - деп түшүндүрөт Үмбөталиев. - Бабановду атайын бөлүктүн кызматкерлери камакка алууга аракет жасаганда митингчилердин саны менен каршылык кылууну көздөшкөн».

Бирок азыркы бийлик өкүлдөрүнүн башка көздөгөнү бар эле, деп улантат коомдук ишмер. 2019-жылы чын курандын он биринде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун «айрым бир саясатчылардын мага койгон шарттары өтпөйт» жана саясий кырдаалды тынч сактоо үчүн мыйзамдын чегинде чара колдоном деп эскертүү берди.

«Ири шаарларда өткөрөбүз деген митингдер негизги аянттардан башка жактарга соттордун жана мэриялардын токтомдору менен жылдырылып салынды, - дейт Расул Үмбөталиев. - Бабановду болсо учуп келээри менен учактын шатысынан кармап туруп камакка алышмак, анткени ага козголгон кылмыш иши негиз болуп бермек».

Жыйынтыгында кайтып келем деген ою ишке ашпай калды.

Коомдук ишмер «Республика» партиясынын биримдик жана мыйзамдуулук жолун тандап алгандыгынан шек санабайт. Бирок апрель окуясынын катышуучусу Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшүндөгү сүйлөгөн сөзү жана премьер-министр болуп тургандагы ишмердүүлүгү тууралуу маселелерге жооп ала албай калды.

«Партиянын билдирүүсүндө «кызыкдар тараптын массалык башаламандыкка жана провокацияга даярданып жаткандыгы тууралуу» айтылат, - деп келтирет ал. - Бир гана коркок кишинин көзүнө «үчүнчү күчтөр» көрүнөт. Качып кетпей, кайтканда үндөбөй, тынч келиши керек болчу. Кыргызда «Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» деген сөз бар. Көрсө, балапан темир канат деле боло элек турбайбы».

Эгерде ушундай боло турган болсо, анда «Республиканын» келечеги экс-президент Атамбаев башкарган партияга окшоп калат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх